Австриянын соту Казакстан президентинин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев мекенине күчтөп кайтарылбайт деген чечим чыгарды. Венанын райондук сотунун бул чечими Казакстандын Австриядагы экс-элчиси Рахат Алиевди тергөө көзөмөлүнөн бошотуп, мындан ары эркин адам деп тааныды. Президент Назарбаевдин экс-күйөө баласы Алиевге Казакстанда киши уурдоо, мыйзамсыз документтер даярдоо, коркутуп-үркүтүү фактыларына байланыштуу кылмыш иши козголгон, ал өзү бул кинелер саясий куугунтук деп эсептейт. Австриялык сот Алиев Казакстанда адилеттүү соттолооруна кепилдик жок деген тыянактан улам аны депортациялоодон баш тартканын жарыялады.