Бул Тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен Түштүк Кореянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Ил Сунун кечээки жолугушуусунда маалым болду. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну жакшыртуу чаралары тууралуу баарлашты. Эднан Карабаев Бишкекте аталган өлкөнүн элчилигинин тезирээк ачылышына көмөктөшөрүн айтып, кийинки жылы Сеулда Кыргызстандын элчилигин ачуу мумкүнчүлүктөрү караштырылып жатканын билдирди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди. (EBM)