Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

11:00 Кыргыз аскерлери “Тынчтык миссиясы-2007” машыгуусуна катышуу үчүн жөнөп кетишти

9-17-августта Орусиянын Чебаркуль шаарындагы Приволжско-Урал аскер чөлкөмүндөгү полигондо Шанхай Кызматтыштык Уюмунун “Тынчтык миссиясы-2007” машыгуусунун жыйынтыктоочу фазасы өтөт. Ага ШКУга мүчө мамлекеттерден төрт миңден ашык адам катышып, Казакстан, Тажикстандан бирден десанттык-чабуулдук бөлүк, Өзбекстандан штабды башкаруу офицерлер тобу, ал эми кыргыз тараптан десанттык-чалгындоо аскер бөлүгү тартылган.Негизги “сокку уруучу” күч Орусиянын жана Кытайдын аскерлери болуп, аталган эки өлкөнүн ар биринен эки миңдей жоокер катышмакчы. “Тынчтык миссиясы-2007” машыгуусунун жыйынтыктоочу этабына ШКУнун Бишкектеги саммити аяктаган соң уюмга мүчө алты мамлекеттин башчылары да бараары күтүлүүдө. Бул туурасында коргоо министрлигинен кабарлашты. (EBM)
XS
SM
MD
LG