Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

АВСТРИЯ РАХАТ АЛИЕВДИ КАЗАКCТАНГА ӨТКӨРҮП БЕРБЕЙТ


Австриянын соту 8-август күнү казак президентинин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев, Казакстанга өткөрүлүп берилбейт деген чечим чыгарды. Венанын райондук сотунун бул чечими Казакстандын Австриядагы экс-элчиси Рахат Алиевди тергөө көзөмөлүнөн бошотуп, мындан ары эркин адам деп жарыялады. Алиевге Казакстанда кылмыш иши козголуп, ал киши уурдоо, аларды коркутуп-үркүтүү, жасалма документтерди даярдоого байланыштуу кинелер тагылган эле.

Австриянын башкы прокуратурасынын өкүлү Герхард Яроштун айтымында, соттун көпчүлүк үчүн күтүүсүз чечими Рахат Алиев Казакстанда калыс соттолооруна кепилдик жок деген тыянактан улам кабыл алынды. Казак президентинин мурдагы күйөө баласы, Казакстандын Австриядагы экс-элчиси Рахат Алиев Венада июнь айында камакка алынган. Анткени Казакстандын бийликтери аны уюшкан кылмыштуу топтун ишмердигине аралашып, Алматылык алдыңкы банктардын биринин эки жетекчисин уурдоого катышкан деп айыпташкан. Венадагы абакта бир нече күн кармалып отурган Алиев 1 миллион евро күрөөпул төлөп, убактылуу бошотулган эле.

Андан бери Рахат Алиев өзү бир катар эл аралык жана Австриялык маалымат каражаттарына интервью берип, өзүнө тагылган кинелерди жасалма деп сыпаттап, аны каралоо кампаниясы саясий куугунтуктун алкагында жүрүп жатат деп актанган. Бул маектеринде Рахат Алиев айткандай, ал ушул жылдын май айында Казакстандын президенти, ал кезде өзүнүн кайнатасы Нурсултан Назарбаевди конституцияны өзгөртүп, өзүнө каалаганча мамлекет башчы болуп шайланууга мүмкүндүк түзүп, эски тоталитардык доорду жандантып жатканын айтып сындагандан кийин Казакстандын Австриядагы элчиси кызматынан бошотулуп, ага каршы кылмыш иши козголгон.

Бирок Казакстандын ички иштер министрлиги киши уурдоого тиешеси бар деп шектелген Рахат Алиевге кечээ эле мурдагы айыптарга кошумча экс-тележурналист Анастасия Новикованын табышмактуу өлүмүнө да байланышы бар деп тергөө иши ачылганын жарыялаган. Анастасия Новикова Рахат Алиевге караштуу КТК телеканалында иштеп жүрүп, 2002-жылы Австриянын борбору Венага кеткен бойдон кийин дайыны чыкпай калган. Тергөөчүлөр Анастасиянын өлүгү 2004-жылы жашыруун түрдө Казакстанга жеткирилип, жерге жашырылганын аныкташкан. Новикованын табышмактуу өлүмүнө Рахат Алиевдин тиешеси бар-жоктугун тергөө аныктамак.

Бул маалыматтарды шаршембиде Астанада өткөн маалымат жыйынында Казакстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Багдат Кожахметов айтып берген эле. Кожахметов Казакстандын бийликтери Австрия өкмөтүнө кайрылып, экс-элчи Рахат Алиевди Астанага өткөрүп берүүнү суранып жатканын, опурталдуу кылмыштарга катышы бар деп шектелген Алиевди кайсыл жерге барса кармап берүүнү өтүнгөн кагаз башка өлкөлөргө да жөнөтүлгөнүн маалымдаган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG