Аталган долбоорго көркөм өнөр адамдарынан он алты адам тандалып алынган. Аларды айрымдарын атай кетсек эстрада ырчылары Фарида Карбозова, Ирлан Таалайбеков, Роза Шакирова, Сапар Сопубеков, ал эми театр ишмерлеринен Камчы Сарыбаев, Эркин Эгембердиев жана башкалар. Алар эки топко бөлүнүшүп, он беш күн аскердик кызмат өтөштү. Башкача айтканда аскер кызматында кандай талап болсо, ошонун баарысын аткарууга аракеттеништи.
- Бирок ал тапшырмалардын кээ бирлери кыздар үчүн кыйынчылыктарды жаратты, мен өзүм төр-беш күн баса албай жүрдүм. Эки топкпо бөлүнүп жарышып жатандан кийин намыс үчүн айла жок чуркап, тапшырмаларды аткарганга туура келди деп билдирди ырчы Азиза.
Ал эми ырчы Роза Шакирова, -Бизге тиешелүү жумуштарды унутуп калдык, келгенибизге эки эле жума болсо да, аялзатына тиешелүү үй жумуштарын сагындык- десе, Актер Камчы Сарыбаев, -Бул долбоор бизге көптөгөн жакшы таасирлерди берди, эң негизгиси убакытты үнөмдөгөндү үйрөндүк, -деди.
Ошентип көркөм өнөр адамдары башкача айтканда жылдыз жоокерлер эртең менен алтыда ойгонушуп, ошондон тарта берилген тапшырмаларды аткарып, кечкисин болсо кезек менен эки-экиден бөлүнүшүп күзөткө турушту. Долбоордун катышуучулары кыйналган жокбуз деп жашырышканы менен, алар менен машыгууларды жүргүзгөн аскердик бөлүктүн кызматкерлеринин айтымында берилген тапшырмаларды аткарбай, кыялдарын көрсөтүп, келишпестиктер болуп кеткен учурлар да болгон. Мына ошондой аскер бөлүгүнүн өкүлү менен катышуучунун уруша кеткенине биз өз көзүбүз менен да күбө болдук.
Теледолбоордун башынан аягына чейин аралашып жүргөн алып баруучусу Шайырбек Арапов да катышуучулар аскер бөлүгүндөгү талаптарды толугу менен аткара алышпагандыгын белгилеп, күнү-түнү алардын ар бир кыймылын тасмага түшүргөндөрүн айтты. Эми бул теледолбоор жалпы журтка август айынын ортосунан тарта көрсөтүлө баштайт.