Өткөн жылдын 22-ноябрында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө уурулук боюнча шектүү деп кармалган Акылбек Сакеев жеткирилип, көп узабай эс учун билбей, облустук ооруккананын сынык жана жаракат бөлүмүндө көз жумган. Буга байланыштуу милициянын эки кызматкеринин үстүнөн кылмыш иши “кыйноо”, “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген беренелер боюнча козголгон. Сотко коомдук өкүл катары катыша турганын “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” маалымдады. (ZMa)