9-август күнү Европадагы жана Австралиядагы Ирандын элчиканалары алдында алардын эркиндигин талап кылып чыккан адамдардын жүздөрүн Осанлу менен Салехи көрүшпөдү. Бирок, демонстрация жөнүндө кеч болсо да угушаары калетсиз.
Тегерандык автобус айдоочулардын кесиптик кошуунунун башчысы Мансур Осанлуну белгисиз адамдар 10- июлда чак түштө уурдап кетип, кийин абакта экени аныкталган. Осанлу айдоочулардын жумуш шартын талап кылганы үчүн мурда бир нече ирет камакка алынып, атүгүл токмок жеген. Мансур Салехи Ирандын батышындагы Күртистан провинциясындагы Навайчылардын кешиптик кошуунунун мүчөсү. Ал 9-апрелден бери камакта.
Иран бийликтеринин кесиптик кошуундун таанымал мүчөлөрүн камакка алуусу - “аларга жумушчулардын укугун коргой алган күчтүү кесиптик кошуунду түзүүгө жол бербөөнү көздөйт” деп санайт Эларалык мунапыс уюму. Осанлу менен Салехиге эркиндик берүүнү талап кылып, Ирандын чет өлкөлөрдөгү элчиканалары алдында өткөн демонстарцияларды Транспорт жумушчуларынын эларалык федерациясы уюштурду. Башкеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун жетекчиси Дэвид Кокфорд Иран өкмөтү жумушчулардын укуктарын коргогон адамдарды кыйноонун токтотчу мезгил келди деп эсептейт:
- Кесиптик кошуундун лидерин кыйноо токтотулбаганы жүрөгүбүзгө батты жана кыжырыбызды келтирди. Биз Осанлуну жана Навайчылар кошуунунун мүчөсү Салехини тезинен бошотууну талап кылабыз.
Шаршемби күнкү тилектештик демонстарциялары Мансур Салехинин аялына бир кыйла дем-күч берди:
- Бул өнөктүк мага дем- күч кошту. Бирок бизде Иран бийликтери өкүмдү кайра карап, абактагы жумушчулар менен кесиптик кошуундун активистерин койо берет деген толук ишенич жок.
Осанлу абакта отурганы менен, анын Тегерандагы үйүн күнү- түнү бийликтер акмалап турат. “Андан коркуп, балдарым чүнчүп да кетишти” дейт Осанлунун аялы Парване ханым көңүлү суз:
- Биздин эшиктин маңдайында коопсуздук кызматынын адамдары логлоп турушат. Арийне, өзүбүздү кооптуу деп сезебиз. Мындай адептен тыш жагдайдан балдарым коркуп, бозала болуп жүрүшөт. Без бейкүнөө туруп, тегин жерден кысмакка калдык.
Шаршемби күнү полиция беш айдоочуну Осанлунун үйүнө киргизбей кармап кетти. Алар Парване ханум менен кездешип, андан соң эшиктин алдында Осанлуну абактан чыгарууну талап кылып, демонстрация өткөрмөк болуп жатышкан.