Укук коргоочу Турсунбек Акун боюнча“Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын 31-июлдагы арызы Ленин райсотунда каралышы болжолдонууда. Ал эми аталаган укуктук клиниканын жамааты президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Тусунбек Акунду июль айында бейөкмөт уюмдардын форумунда жана массалык маалымат каражаттарында “Адилет” клиникасы чет элдик уюмдардын акчаларына саясий иш чараларды уюштурууда деп жалган айтып, айыптаганы үчүн кечирим сурап же айткандарын төгүнгө чыгарсын деп сотко кайрылган. Алардын маалыматы боюнча бул маселе 13-августа Свердлов райондук сотунда каралышы күтүлүүдө, (AJ)