Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

К.ГЕРАЕВ: КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ АЛДЫМ-ЖУТТУМ ЭКЕН


Жер кезип, сапарда жүргөн жолоочу жергиликтүү адамдарга салыштырганда байкагыч келет. Анткени, ал сапарда жүрүп көргөн нерселерин башка өлкөдө көргөндөрү менен салыштырат; артык- кемин баамадап, аларга өз баасын берет. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Кубаныч Гераев жакында Кыргызстанда үч жума жүрүп келди. Журналист өз сапары жөнүндө Амирбек Азам уулу менен ой бөлүшкөн.

Кубаныч Гераевди Түркмөнстандын мурдакы президенти Сапармурад Ниязов 1993- жылы анын саясатын сындаганы үчүн “мамлекеттин чыккынчысы” деп жарыялап, абакка салмак болгондо, ал Ата журтун таштап кеткен. Ошондон бери мекенине бара албай, тууган жерине болгон кусалыгын Түркияга барып жазат. Быйыл ал сагынычын Кыргызстанды кыдырып жазды. Аны Кыргызстанда баарынан да адамдардын өз пикирлерин тартынбай айтканы, интернет-кафелердин көптүгү жана Европага салыштырамлуу арзанчылык таң калтырган. Ал сүйлөшкөн адамдар Акаев доорундагы арзанчылыкты эстешип, азыр коррупциянын өсүп кеткенин жапырт белгилешкен.

-Мен сүйлөшкөн адамдардын көбү Акаев доору менен салыштырганда азыр көп нерселер кымбат экенин, айлык акылар өскөнүн, бирок жердин жана квартиранын баасы өсүп кеткенин айтышты. Алардын көбүндө Акаев заманынан носталгия бар. Себеби, ал кезде азыркыга караганда арзанчылык болгон, азыр коррупция бардык жерлерде көбөйдү дешет.

Европа өлкөлөрүн көп кыдырган Кубаныч, Кыргызстандын аңкыр-чуңкур жолдорунан жүргөндө кыйналган. Ал сүйлөшкөн адамдар иштегенге жумуш жок экенин тегиз айтышкан.

- Бишкекте бир нормалдуу жол көрбөдүм. Сапармурад Ниязовду канчалык сындашса да, ал Түркмөнстандын жолдорун абаддаштырып койгонун эч ким тана албайт. Муну туристтер да белгилешет. Бишкекте жана Ысыккөлдө жолуңар эмне үчүн начар деп сурасам, Аскар Акаев президент кезинде эч нерсе курбады дешти. Айлык маяна, пенсия төмөн болгондон бирөөлөр Орусияга, экинчи бирөөлөр Түркияга жана башка жактарга кетип жатышыптыр. Анан да Кыргызстанда тааныш-билиштик өтө күчтүү экен. Мисалы, мен милицияга катталганы барып, кезекте турсам, менден кийин келген адамдар кезексиз эле менден мурда кирип кетип жатышты. Кезекте биринчи болуп турган аял 10-чу болуп да кирген жок. Эмне үчүн мындай десем, алар тиги жак менен “тааныш- билиш” деп түшүндүрүштү. Муну мен өзүм көрүп, күбө болдум.

Кубанычтан сенин чоочун экениңди көрүп, таксисттер ашыкча акча албадыбы десем, тескерисинче, коомдук тартиптин сакчысы саналган милиционерлер жалдырап андан акча сураганын өкүнүү менен айтты.

- Таксилер менен эч кандай проблема болбоду. Албетте, такси Европага салыштырганда өтө арзан. Мени таң калтырганы: элдин баары эле турмуш оор, айлык аз дешип наалып жатышты. Мен анда эмнеге Бишкектин көчөлөрү “Мерседес” менен “БМВге” толуп кеткен десем, өздөрү эле “демек, адамдардын пулу бар” дешет. Кыргыз милициясы алдым-жуттум экен. Алар мага 1990-жылдардагы Москва университетинде окуп жүргөн кезимди эсиме салды. Бишкекте көчөдө баратсам, эки милиционер токтотуп: ”Келе паспортуңду. Каттоодон өткөрөбүз” дешип, мени бир кичинекей ресторанга ээрчитип барды. Отургандан кийин паспортумду каттоону унутушту да, сумкаларымды текшерип, чөнтөгүмдү аңтарып киришти. Алардын бири капчыгымды алып, акчамды эсептей баштады. Эмне кылып жатасыңар десем, “Балким, сенин капчыгыңда трек-анаша бардыр дешти. Мен “Азаттык” радиосунда иштээримди, айлыгым жакшы экенин, ошон үчүн наша сыяктуу нерсеге жолобойм десем да, «Жок, биз сени текшерүүбүз керек” дешет. Эң жаманы пагону бар, шапкелүү, курал- жарктуу милиционер: “Милиция үчүн эч нерсең жокпу? Жок дегенде сигаретаң барбы?” деди. Мен, кечиресиз, менде милиция үчүн эч нерсе жок дедим. Анда алар:”Кечиресиз, бизде турмуш оор” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, арызданышты. Мен саламат болуңуздар дедим да, кетип калдым.

Кубаныч Бишкекте жана Ысыккөлдө жүрүп, кыргыз жаштары менен да көп пикир алмашкан. Жаштардын көпчүлүгү журтунун келечегине ишенгенин, Мекенин сүйүшкөнүн айтышкан. Ал чет өлкөлөргө кетүүнүн амал-айласын издеген жаштарды да кездештирген. Ага өзгөчө кыргыздардын кашайып орусча сүйлөшкөнү жаккан эмес.

- Мага жакпаган нерсе: эмнегедир жаштардын баары эле орусча сүйлөшөт. Бишкете транспортко түшкөндө, Ысыккөлгө барганда да күйөөсү да, аялы да, балдары да - баары орусча сүйлөп жүрүшкөн үйбүлөлөрдү көрдүм. Кыргыздын улуу жаштагы адамдары да, жаштары да орусча сүйлөгөндү жакшы көрүшөт экен. Бирок, жаштардын мекенин сүйүп, анын келечегине ишенгени жакшы көрүнүш.

Кубаныч Гераев Бишкекте түркмөнстандык студенттер менен пикирлешкенде, алардын кыргыз жаштарындай ойлорун тартынбай эркин айткандарын байкаган. Ушундан улам, кыргыз жаштары түркмөн дос-курдаштары үчүн сабак да, үлгү да боло алышат деп тыянак кылат ал.

XS
SM
MD
LG