Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

17:30 Нарын шаардык сотунда Акылбек Сакеевдин өлүмүнө байланыштуу сот кийинкиге жылдырылды


НАРЫН. 10-августта Нарын шаардык сотунда, жылдын ноябрь айында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө уурулук кылды деп шектелип кармалып, андан соң Нарын шаардык ооруканасынын сынык жана жаракат бөлүмүндө каза болгон Акылбек Сакеевдин иши боюнча эки милиция кызматкеринин үстүнөн сот кайра уланды. Ага укук коргоочу Азиза Абдрасулова катышты. Соттон биринчи тыныгууга чыкканда атайын уюшулган аялдар келип Азиза Абдрасулованын ар-намысына шек келтирип, аны коркутуп-үркүтүштү. Укук коргоочу муну атайын милициялар уюштурган деген пикирди айтууда. Анткен себеби ал аялдар жабырлануучу тараптын дагы, сот тараптын дагы эч кандай жакын туугандары эмес. Ал эми бул кинеге Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары Каныбек Чолпонбаев бул аялдарды эч кандай уюштурбаганын жана Азиза Абдрасулованын алардын наамына жазган арызы боюнча ишти териштире тургандыгын билдирди. Андан сырткары бул сот 13-августта угулмай болду. Эскерте кетчү жагдай 13-августта Бектемир Акуновдун иши дагы каралмакчы. Сотко катышып турган “Азаттык” үналгысынын Нарын облусу боюнча кабарчысы Жаркын Ибраеванын үн жазгычын "уруксатсыз жаздырып атасын" деп судья аркылуу алынып, сот бүткөндөн кийин кайтарылып берилди. (JI)

XS
SM
MD
LG