Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

КАРАСУУ РАЙОНУНДА ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ КӨБӨЙҮҮДӨ

Ош облусунун Карасуу районунда ВИЧ инфекциянын очогу табылды. Бул дарт СПИД оорусуна чалдыккан ноокаттык наристеден жугушу ыктымал дешет.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы республикалык СПИД бирикмесинин генералдык директору Сагынаалы Маматовго таянып, Карасуу районунда да эне-бала ВИЧ инфекцияга кабылгандыгын жарыя кылды. Ош облустук “Анти СПИД” борборунун жетекчиси Түгөлбай Мамаев 600 бала дыкат текшерүүдөн өткөрүлүп жаткандыгын, жыйынтыгы келерки аптанын дүйшөмбү же шейшемби күндөрү билинээрин, Ноокаттык бала облустук ооруканада жатканда Карасуулук наристе менен чогуу болгон болушу ыктымалдыгын айтты:

- 600дөй баланы текшерип жатабыз. Дагы изилдейбиз. Булардын жыйынтыгы дүйшөмбү же шейшемби күндөрү чыгат. Бул ВИЧ инфекцияны дароо аппаратка салып билгенге мүмкүн эмес. Мен азыр эч нерсе айта албайм. Азыр лаборатория иштеп жатат. Биринчи бала көп жолу Ноокаттагы облустук балдар ооруканасында жаткан.

Карасуу райондук ооруканасынын текшерүү-диагностика бөлүмүнүн башчысы Насыр Пасылов ВИЧ инфекция али табыла электигин, бул боюнча эч ким кайрылбагандыгын кошумчалады:

- Биздин ооруканага ВИЧ оорусу менен кайрылды, жаткырылды деген маалымат бул жалган. Биздин ооруканага андай бейтап кайрылган жок.

Карасуудагы “Дени сак улут” бейөкмөт уюмунун төрайымы Нурийла Чудунова район СПИД боюнча облус ичинде алдыга озгондугун, эл арасында профилактика ишинин чабалдыгын, агартуу мекемелерине адеп-ахлак сабактарын киргизүү керектигин, өкмөт бул өңүттө шашылыш чара көрүүсү зарыл экендигин айтты:

- Карасуу району СПИД боюнча облуста алдыга чыкты. Расмий маалыматтарга таянсак, бул ооруга 164 киши чалдыкты. Билинбегени канча. Доктурлар презерватив тараткандан көрө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү оң. Ошондой эле мектептерде, окуу жайларында адеп-ахлак, жүрүм-турум маданияты сабактарын киргизсе биз утушка ээ болмокпуз. Эми СПИД балдарга жайылып жатканы өкүнүчтүү. Өкмөт чукул чараларды көрүүсү абзел.

Ош облустук “Анти СПИД” борборунун директору Түгөлбай Мамаев 11-августта массалык маалыматтарга атайын кайрылуу жасарын билдирди.
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG