Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

21:35 “Ысыккөл инвест” банкы талашка түштү


Жума күнү кечинде өздөрүн акционерлербиз деп атаган топ “Ысыккөл инвест” банкына күч менен кирүүгө аракет кылышты. Аталган банктын өкүлү Нурлан Садыковдун айтымында, 10-августа банктын 50 пайызга жетпеген пакет акциясына ээ болгон акционерлер тобу өздөрүнчө кезексиз чогулуш өткөрүп, банктын жаңы башкармасын даярдап, банкка күч менен кирүүгө аракет кылышты.
Садыков алардын мыйзамсыз иш аракетерин Биринчи май райондук сот чечимин аткаруучулар, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн он чакты милиция кызматкерлери колдогонун билдирди. Сот чечимин аткаруучу Каныбек Кедейбаевдин пикиринде бул иш чара мыйзамдын чегинде жүргүзүлүүдө. Ал эми милиция кызматкерлери «Ысыккөл инвест» банккын кайтарууга келишкен жеке менчик кароол фирмасынын күзөтчүсүнүн колундагы автоматты күч менен алып коюшкан. Атын айтпоону өтүнгөн банктын кызматкери «Ысыккөл инвест» банкты алууга азыркы бийликтеги таасирдүү адам кызыкдар экенин, акционерлер тобу жана соттун чечимин аткаруучулар, милициялар ошолордун заказын аткарып жатканын, азыр күч менен бирөөнүн менчигин тартып алуу көнүмүш адатка айланып баратканын айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG