Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

13:05 Кыргызстандан цемент алып чыгып бара жаткан Казакстандык автомашиналар кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана чегара кызматынын кызматкерлери тарабынан “Актилек” бажы түйүнүнөн 170 тонна цемент алып чыгып кетип бараткан сегиз жүк ташуучу автомашина кармалган. Чегара кызматынын маалыматы боюнча жүк ташуучу автоунаалар Казакстанга тиешелүү. Бул иш боюнча административдик протокол түзүлүп, автомашиналар жүгү менен УКМКга өткөрүлүп берилди.
Кыргыз өкмөтүнүн 26-июндагы токтомуна ылайык Кыргызстандын чегинен темир жолдон башка жол менен цемент, шыйпыр алып чыгып кетүүгө тыюу салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG