Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

13:55 Бишкек милициясы саммит коопсуздугун сактоого толук даяр


Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирген. Анын айтуусунда шаардын коопсуздугун 5 миңден ашуун милиция кызматкери коргойт. Милиция академиясынын курсанттары жана башка кызматтардын кызматкерлери кошумча тартылган. “Бүгүнкү күндөн тартып паспорттук режим киргизилди, жанында документи жок жарандар анын өздүгүн тактоого чейин кармалат. Ошондуктан, шаар тургундары жана меймандары 18-августка чейин өздүгүн тастыктаган документ ала жүрүүгө тийиш. Саммит учурунда жолдо жүрүү боюнча ыңгайсыздыктар болбойт, президенттердин кортеждери өтүүчү жолдор гана саналуу мүнөттөргө жабылат”,-дейт Молдомуса Конгантиев.
Мындан тышкары шаарга келүүчү адамдардын агымын көзөмөлдөө максатында мейманканаларга, жеке конок үйлөрүнө келип-кеткендер каттоого алынмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG