Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

КҮМӨНДҮҮ ДЕЛГЕНДЕН ДАГЫ ЭКӨӨ ТАБЫЛДЫ


Ушул аптанын аягында дарыгерлер Вич-инфекциясын жуктуруп алышы мүмкүн деп күмөн санап жатышкан беш бейтаптын ичинен карасуулук эне-бала инфекция жугузуп алышканы ачыкка чыкты. Ушундай эле абалдагы күмөндүү дагы үч бейтаптын Вич-инфекциясын жуктуруп алганы же албаганы 14-августта аныкталмакчы. Ноокаттагы кооптуу окуядан кийин Кыргызстандын саламаттык сактоо министри 700 ашуун балдар текшерилип, алардын анализи таза чыкканын, 11 адамдан тышкары башка адамдарга Вич-инфекциясы жукпаганын билдирген. Инфекция жуктуруп алгандардын саны дагыле өсүүдө.

31-июлда Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Туйгунаалы Абдраимов Ош облустук балдар, Ноокат районундагы аймактык ооруканадан Вич-инфекциясын жуктуруп алгандар менен катышы болгон балдар менен энелердин баары текшерилип, бирок алардын бир да бирөөнөн Вич-инфекциясын жуктуруп алганы аныкталбаганын жарыя кылган.

- Бүт текшертип жатабыз. Ошол маалда жанагы Оштогу балдар ооруканасында жаткан балдардын баарын текшертип бүтүп калдык. 761 бала ошол маалда, ошол бөлүмдө жаткан. Бүт текшерттик. Ошондон, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Жетөөнөн чыкты. Республикалык СПИДдин директору олтурат. Алардын бардыгын, атайын дарылар бар, ошолордун баары Глобалдык фонд аркылуу келип, ошолорду дарылап жатабыз. Эми алар ооруй элек. Профилактикалык иштерди жасап жатабыз.

Антип баары таптаза деп жарыя кылынгандан кийин Вич-инфекциясын жуктуруп алган эне-баланын чыгышы, анын артынан дагы үч бейтаптын так анализинин жыйынтыгы 14-августта жарыя кылынары биртоп түкшүмөл суроолорду жаратууда. Республикалык СПИД борборунун директору Сагынаалы Маматов дарыгерлер күмөндүү делген кандардын анализи аныкталганча маалымат беришпегенин мындайча түшүндүрдү.

- Жана 781 бала катышта болгон деп тизмеге кирген да. Ошонун баарын текшерип чыктык. Ошондо 9 бала жана Ноокаттан чыкты. Бир дарыгер, бир апасы чыккан. Анан беш кан, бизде “күмөндүү” деп коет. Бир ай мурда ошондой болуп, аны биз бир айдан кийин кайра текшеришибиз керек. Ошондо ушул күмөндүү делгендердин ичинен дагы бир баланыкы аныкталды, ошол баланын энесиники аныкталды. Эми үчөө да күмөндүү, кийинки мөөнөтү боюнча алардын анализи экинчи күнү коюлат.

Вич-инфекциясы наристелерге кан куюучу аспап – катетер аркылуу жугушу мүмкүн деген божомол айтылууда. Бишкектеги Кан борборунун жетекчи орунбасары Мухамедалим Турсунбаевдин маалымдашынча, Ноокаттагы кооптуу окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги 30-июлда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп, анда мындан ары атайын кан куюу жайларынан башка жерде алынган кандарды кабыл албоо, кан куюу жайларын кыскартуу тууралуу чечим кабыл алган.

- Бардыгын жаап коюш мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 57 жерде кан алынат. 4 облустук кан борбору бар, Ош, Жалалабат, Нарын, Талас. Республикалык кан борбору Бишкекте, анын филиалы Баткенде. Бардыгын токтотуп койсок бүгүнчө шашылыбыраак болуп калат,- дейт М.Турсунбаев.

Маалымат катары айта кетчү сөз. Ушул жылдын 1-апрелине карата Вич-инфекциясын жуктуруп алгандардын саны Кыргызстанда 1135 адамга жеткен. Эларалык саламаттык сактоо уюмунун болжолунда, мындайлардын саны 5000 адамга жетет. Алардын басымдуу көпчүлүгү 30 жашка чыга элек жаштар. Бул Кыргызстан калкынын 27% түзөт. Бишкектеги Кан куюу борборунун жетекчи орунбасары Мухмамедалим Турсунбаевдин ырасташынча, оору кан аркылуу жугат.

- Кан менен жугуптур деп атпайбы. Ооба, бул вирус кан аркылуу жугат. Жанагында кан куюучу катетердин ийнесин жакшы тазалабай же болбосо тазалабай эле иштетсе. Ийнени эки ирет сайып койсо, бирден алып экинчисине. Андан дагы эң коркунучтуусу, айрым доктурлар изилденбеген, текшерилбеген, жашыруун адамдардан кан алып туруп коюп коюп жатпайбы. А дагы кандан да.

XS
SM
MD
LG