Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Улуттук тарых музейинде Бишкек саммитине карата көргөзмө ачылды. Анда кызматташып, алакада болуп келген чет мамлекеттердин Кыргызстанга белектери, өлкө башчыларынын жолугушууларын чагылдырган сүрөттөр коюлду. Иш-чарага маданият жана маалымат министрлигинин, улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү катышты.

“Кылым муза” продюссердик борбору тарткан “Шайтан араба” тасмасы Бишкектин тургундарына он күн көрсөтүлдү. Кылмыш дүйнөсү, жалданма адам өлтүрүү, талап-тоноо жана сүйүү темасы чагылдырылган бул тасмада негизинен эч тажрыйбасы жок жаңы жүздөр ойнойт. Фильмдин режиссеру Мырза Айдаралиев аларды эки айдай окутуп, андан соң тасманы тартып баштаган. Өзүндүн маңдай териң менен табылбаган, арам акчанын аягы жакшылыкка алып келбейт деген идеяны көтөргөн бул фильм жеке ишкерлердин колдоосу менен бир миллион сомдун тегерегиндеги каражатка тартылды. Жаратуучулар эми бул фильмди орус жана түрк тилдерине которууну көздөшүүдө.

9-августтан тарта Кыргыз Артекс көркөм өнөр борборунда “Жаңыл мырза” спектакли көрсөтүлүп, аны менен катар “Жаңыл мырза Нью-Йоркто” аттуу сүрөт көргөзмөсү жүрдү. Ушул эле көргөзмө келерки жумада Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында ачылат.

Кечээ Соңкөл жайлоосунда “Кыргыз көчү” фестивалы башталды. Эки күнгө созулчу иш-чаранын программасына ылайык четтен келген туристтер, жана жергиликтүү жашоочулар фестивалдын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаттарын көрө алышат. Кыргыз элинин маданиятын жайылтууну жана Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатын көздөгөн бул иш-чараны “Коомчулукка негизделген Кыргыз Туризм Ассоциациасы” уюштуруп, жергиликтүү тургундардын курамынан турган ассоциацианын облустардагы өкүлчүлүктөрү көмөк көрсөтүшөт.

УТРК уюштурган “Жылдыз жоокер” долбоору жыйынтыкталып, Койташ аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн ырчы, актерлор үйлөрүнө кайтышты. Эстрада ырчылар жана театр актерлору он беш күн аскердик жашоону баштарынан өткөрүштү. Теледолбоордун башынан аягына чейин аралашып жүргөн алып баруучусу Шайырбек Арапов катышуучулар аскер бөлүгүндөгү талаптарды толугу менен аткара алышпагандыгын белгиледи. Эми бул теледолбоор жалпы журтка көрсөтүлөт.

Жаш ырчылар Султан Садыралиев менен Мирбек Иманбеков бул жумада түштүк жергесин кыдырышып, жеке концерттерин тартуулашты. Белгилей кетсек бул ырчылар продюсерлеринен бөлүнүп, өз алдынча иштөөнү чечишти. Ал эми жаш ырчылардын катарын толуктаган Мирбек Атабеков эстрадалык ырлардан тышкары рэп стилиндеги ырларды да ырдайт жана учурда бир топ ырларды жаздырып бүткөн. Бул тууралуу анын продюссери Канат Култаев билдирди. Ал эми август айынын соңунда Мирбек Атабеков Ысыккөл, Нарын, Талас облустарына гастролго чыгууну ниет кылууда.
XS
SM
MD
LG