Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

САГЫЙПАНЫН САГЫНДЫРГАН ЫРЛАРЫ


“Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей өз учурунда кыргыз элине ырдаган ырлары, сахнада ойногон ролдору менен аттын кашкасындай таанылган таланттуу ырчы, көрүнүктүү актриса, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сагыйпа Чечейбаеванын арабыздан келбес жайга, оо дүйнөгө сапар алганына жыйырма эки жыл болду. Маркум тирүү болгондо 75 жашка чыкмак.

1955-жыл. Толукшуган жай айы. Атагы алыска тараган Теңиртоонун келишимдүү келбети, сыр сурагандай шылжырап аккан көк кашка булактары, жыпар жыттуу гүлдөрү, сыдырым соккон эрке жели да, жаш саанчы келин Сагийпанын шыгына шык кошкондой, “Ырдап кой, талантыңды катпа да” деп сүрөөгө алгансыйт. Баарынан да төө өркөчтөнүп аккан Онарча суусу күкүтөнө күү чалып, Сагыйпанын үнүнө ортоктош болгосуйт. Жаш ырчы да: “О, береке байлыкка мол Ата Журтум: Мен сени ырдайм, анткени сен мага өмүр бердиң, канат жараттың! Сен мага үндү, бакытты бердиң” – деп кере-кере үнүн созуп алганда, шаңкайган Теңиртоонун аскалары да кошо жаңыра: “Баракелде үнүңө, таңшый бер! – деп колун куушура таазим эткендей. Жаш саанчы Сагыйпанын туптунук мукамдуу заңкылдаган үнү баштагыдан да шаңдуу, баштагыдан да кубаттуу жаңырып жатты.

“ГЕОЛОГДУН ЫРЫ” Обону Ж.Шералиевдики, Сөзү К.Алмазбековдуку.

Тоодой жүк милдет мойнумда,
Толкундайм тоонун койнунда,
А бирок эркем өзүң жок,
Алагды болуп ой мында,
Эми, эмне кылам капырай,
Эсимден кетпей койдуң да.

Аңтарып тоодон кен издейм,
Ардагым элим деп издейм
Ансайын эргип кыялым,
Алыста жүргөн сени издейм.
Ак тилек менен күт жаным,
Ашыгың жалкоо дегизбейм.

Эски калдыкка белчесинен баткан жаш кыздын ата-энеси он алты жашар Сагыйпаны кудалашкан жигитке берет. Жаңыдан ырчылык шыктын жалыны жанган Сагыйпа от менен чоктун ортосунда калат. “Сүйбөгөнгө сүйкөнбө” болуп, көңүлү түшпөгөн жигитке жүрөгү жылыбайт. Акырында ал намысына келип, сүйбөгөн бозойдон кол үзөт. Сагыйпа кандай гана турмушта жашабасын басса-турса да оозунан ырын түшүрбөйт. Бактысын, эркин сүйүүсүн ыр дүйнөсүнөн издейт. “Жаштын тилегин кудай берет” дегендей Сагыйпанын секелек кезинен берки тилеги кабыл болуп, 1956-жылы Нарын райондук маданият үйүндө ырчы болуп иштөөгө чакырылат. Шайырлар менен эл аралайт. Район эмес, областтын аймагына кеңири белгилүү боло баштайт. 1958-жылдын майы Сагыйпанын өмүрүндөгү эң бир бактылуу айлардан болот. Мурда жоюлуп кеткен Нарын музыкалуу драма театры кайрадан ачылат. Тоо койнундагы театрдын уюшулушу Сагыйпадай ондогон жаш жаркын таланттардын өнөр дүйнөсүнөн бактысын ачат. Жаш шайыр талыкпаган эмгектенүүнүн, изденүүнүн аркасында ар кандай кулк-мүнөздөгү каармандарды турмушта жашап өткөндөй сахнага алып чыгат. Алсак, “Акинайдан” Батманын, “Сүйбөгөнгө сүйкөнбөдөн” Гүлсененин, “Жапалак Жапасовдон” Седептин жана башка ондогон каармандарды сахнага алып чыгат. Караманча театрдык билими жок болсо да карандай гана табийгат берген тубаса шыктын күчү менен ар бир каарманды көрүүчүлөрдүн көңүлдөрү менен бирге жашагандай жана аларды нукура аткаруучулук чеберчилиги менен суктанта тургандай жандуу кейипкерлердин (образдарын) жаратат.

Таанымал шайыр ар кандай ролдордо ойноо менен бирге өз доорундагы обончулардын атасы аталган Ж.Шералиевдин, К.Тагаевдин, Асанбек Абдыласовдун, Султан Мамбеталиевдин ар кандай маңыздагы, түркүн аваздык боектордогу ырларынын ажарын ача аткарат. Маселен Сагыйпанын аткаруусунда Ж.Шералиевдин “Геологдун ыры” аттуу кыргыз геологуна арналган элдик жана профессионалдык музыкадагы алгачкы ырды укканымда өзүмдү ашуудан ашып, аскадан аскаларды, төрлөрдөн төрдү аралап, алтын, күмүш, калай, жез жана башка жер байлыктарын (кендерди) издеген кайратман эмгекчил эрки бек кыргыздын геологунун келбетин элестетем:

Бүгүн бул бийик асканын,
Бүдөмүк сырын ачкамын,
О жаным эртең элдики,
Ошол күн менин шашканым,
Эмгекке ыктайт замана,
Элимдей биздей жаштардын

Кылалбай бир иш жартылуу,
Кыйын иш мага тартынуу
Кыдырып кайда жүрбөйүн
Кылыгың көзгө тартылуу
Тосуп ал эркем ыр сунам
Тоодогу толкун аркылуу.

Чечейбаева менен тогуз жыл Нарын музыкалуу, азыркы М.Рыскулов атындагы драма театрында бирге иштешип, артисттик турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышкан эл артисти, обончу Калыйбек Тагаев Сагыйпанын музыкалык туубаса угуму жөнүндө мындай дейт:

- Сагыйпа эженин бир касиети. Ал кезде азыркыдай микрофон, магнитофон, динамиктер жок эле. Азыр ырчылар консерваторияда он жыл окушса да ритм, музыкалык угуму жок. Сагыйпа эжеге обонуңдун бир эле кайрыгын кайрып косоң, ошол ырды кудум өзүндөй көркөмдөп бир жумадан кийин ырдап берүүчү. Эженин музыкалык угумунун өтө күчтүүлүгүн, үнүнүн диапазонунун бийиктигинин, тунуктугун театрда бирге иштешкенде байкадым. Мен музыкалык угумун шак илип алган касиети жөнүндө өзүм күбө болгон бир мисалды айта кетейин. Өмүрлүк жолдошу Асанбек Абдыласов актер да, мыкты обончу эле. Анын “Жайлоодо”, “Селкиге” деген ырлары бар эле. Ал кезде магнитафон жок. Асакем эжеге жөн эле кыңылдап бир сабын ырдап берүүчү. Анан ао бир жумадан кийин, Сагыйпа ырды жаттадыңбы деп сураганда ал дароо ырдап берүүчү. Эже өзүнчө эле компьютер, магнитофон эле. Эже көптөгөн ролдорду сахнада аткарып жүрдү. Ал ырларды эле эмес, ролдорду катыра аткаруучу.

- Кечиресиз, Калыйбек мырза, “Долон”, “Жаныбарым Гүлсара” аттуу ж.б. ырларыңды ырчылардын ичинен алгачкы жолу маркум Сагыйпа угармандардын алдына ырдап чыккан эле. Бүгүнкү күнгө чейин “Долон” аттуу ырыңды бир дагы ырчы Сагыйпадай ырдап чыга элек. Ошонун керемети эмнеде дейсиң?

- Кептин ачыгын айтсам, “Долон” Сагыйпа эженин аркасы менен элге жетти. Көп эле ырчы ансамблдин, оркестрдин коштоосундаырдап жүрүшөт. Бирок Сагыйпа эжедей эч ким ырдай алышпайт. Мен бир мисал келтирейин. Таласта, Ошто, Нарында, Ысыккөлдө, Чүйдө гастролдо жүргөндө клубдарга, сарайларга концерт коебуз. Ошондо “Долонду” ырдап созгондо кандайдыр эки тоо кагылышып жанырып тургандай өзүнчө керемет жаңырык жанырып туруучу. Ал эми театрдын сахнасыда ырдаганда люстралар титиреп туруучу. Академик Жамин Акималиев бир жолу Сагыйпа эженин аткаруусундагы “Долонду” укканда ак карлуу айтылуу Долон көз алдыбызга алаканга салып койгондой элести элестетебиз деп айткан. Дагы бир жолу кептин чынын айтсам, Сагыйпадай эч бир ырчы “Долонду” аткара албайт. Эженин бир гана арманы бар. “Долонду” оркестрдин коштоосунда ырдабай кеттим деген эле. Эже жүрөгүнөн операция болду. Бишкекте турду. Себебит Нарынга догдурлар жибербей коюшту. Эже жан айласын таппай жатса да: “Мен “Долонду” ырдагым келип атат” дептир. Жанындагылар “жүрөгүңө күч келет. Ырдабагың” – дептир. Ошондо маркум эжебиз жасалма жүрөгү менен “Долонду” ырдап көз жуумптур.

- Э- ми, Каке, маркум Сагыйпа жарык дүйнө менен коштошуп жатып өзүңдүн “Долонуңду” ырдап, жарык дүйнө менен коштошуптур.


- Эгерде Сагыйпа эже тирүү болгондо мен дагы эки “Долон” аттуу ырды жазмакмын.

“ДОЛОН” Обону Тагаевдики, сөзү Жумамүдүн Шералиевдики.

Көк тиреп аскаң мелтиреп,
Көркөмүң айга серпилет
Кылымдар ошол көркүңдү,
Кыргызга берген энчилеп,
Долон, Долон, Долон
Кыргызга берген энчилеп.

Абасы таза даваным,
Аскаңда кетип барамын
Кыялай тасма жол салам
Кабыл ал шофер саламын
Долон, Жолон, Долон
Кабыл ал шофер саламын.

Көркөмүң сүйкүм манаттан
Күн чыкса чыгыш тараптан,
Кыргызым сүйүп алпештеп,
Кылымды сенсиң жараткан.
Долон, Долон, Долон
Кылымды сенсиң жараткан.

- Калыйбек мырза, “Жаныбарым Гүлсарым” аттуу ырыңдын жаралышынан, Сагыйпа алгач кандай жагдайда эл алдына ырдап чыкты эле?

- “Жаныбарым Гүлсарым” аттуу ырымдын чыгышы, жазылышы да өзүнчө кызык. Кезектеги гастролдо Казакстандын Кызыл ордосунда жүргөнбүз. Режиссер акын Эрменбек Токтогулов: - Эл жазуучусу Чынгызга арнап обон жазбайлыбы деп калды. Мен – эмнеге жөн эле Чынгызга арнап ыр жаза беремби десем, Эрменбек: - Жок. Чыңгыз экөөбүз чогуу окуганбыз. Мен да Шекерден болом – деди. Ал сөзүн жады. Мен гастролдо жүрүп обонун чыгардым. Ошондо “Жаныбарым Гүлсарымдын” үч бригада чогулуп бетачарын өткөрдүм. Сагыйпа ырдады. Жакшы аткарды, купулума толду. Гастролдо жүрүп Өзбекстанга он күндүккө бардык. Ошондо өзбекстер да дүрүлдөтүп кол чаап абдан жакшы кабыл алышты. Чыңгыз байкебиз Ташкендеги театралдык институтундагы жолугушууда Сагыйпа экөөбүз аябай куттуктап колубузду кысты. Ыраазы болдук. “Жаныбарым Гүлсарымды” Шахра Талипова баштаган көп ырчылар ырдашты. Бирок эч бири Сагыйпа эжеге жеткен жок.

“ЖАНЫБАРЫМ ГҮЛСАРЫ”

Деп ошондо кыргыздын тулпары
Күлүктөрдөн күлүк чыккан Гүлсары
Ак маңдайда алтын көкүл жаркырап,
Дүбүртүңдөн дүңгүрөдү жер шаары

Тери кургап билинбеди басканы,
Тең баратат текиреңи таскагы
Кылым билет ат жалына келгенде
Кыйын болот кыргызымдын чапканы.

Эр Манастын куласындай чуркагын,
Жаныбарым, жаныбарым Гүлсарым.
Желдей сызып учкул канат боло көр
Темингенде тегеретип жер шаарын.
XS
SM
MD
LG