Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

12:00 Саммит күндөрү алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат


ШКУ делегаттарынын автоколоннасы жүрүүчү негизги жолдордогу ири супермаркеттерде саммит күндөрү алкоголдук ичимдиктер сатыктан алынат. “Кыргызалко” ишканасынын жетекчиси Ороз Садыков билдиргендей бул иш-чара кыргыз өкмөтүнүн “ШКУ саммитине даярдануу” боюнча атайын токтомунун негизинде жүргүзүлүүдө. Анын айтуусунда саммиттин алдында борбордогу негизги көчөлөрдө жайгашкан “Народный” соода тармагынын 7 дүкөнүнөн, “Семь дней” супермаркетинен жана башка дүкөндөрдөн алкоголдук ичимдиктер сатыктан алынып, кампаларга киргизилет да, атайын мөөр менен бекитилет. Соодагерлер болсо бул иш-чаранын натыйжасында дүкөндөр 25-30% кирешесинен ажырай тургандыгын айтышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG