Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:23

С.РАЕВ: САММИТ УЧУРУНДАГЫ ФЕСТИВАЛГА ӨҢЧӨЙ ЖАШТАРДЫ ТАРТТЫК


Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы Кыргыз Республикасынын Маданият министри Султан Раев ШКУнун Бишкек саммити алдында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. С.Раев саммит учурундагы ар кыл маданий иш чараларды уюштуруу милдетин алган.

- ШКУнун Бишкек саммитин кандай маданий иш-чаралар коштойт жана программада кандай өнөрлөр тартууланат?

- Саммиттин алкагында Кыргызстанда үчүнчү өнөр фестивалы өтөт. Бул фестивалга бүткүл ШКУнун курамына кирген мамлекеттердин чыгармачыл топтору, маданият, искусство ишмерлери катышат. Биз программаны даярдап койдук. Кыргызстандан жалаң өңчөй жаштарды тарттык. Себеби ушу фестивалда Кыргызстандын жаңы келечегин, болочогун көрсөтөлү деп атабыз. КМШ, Европа жумуриятына белгилүү болуп калган биздин жаш чыгармачыл адамдарыбыз бар, ошолорду чакырдык. Аларды атап айтсам, Жамийла Райымбекова деген ырчы кызыбыз бар, ал азыр Маренс театрында иштеп атат. Орусиядагы жаш, он эң мыкты пианисттердин катарына кирген Азамат Сыдыков деген жигитибиз бар. Ошондой эле Эрнис Асаналиев деген скрипач жигитибиз катышып атат. Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын балет трупасы катышып жатат. Биз ушул фестивалда Кыргызстандын жаңы искусство жүзүн, жаштарды, чыгармачыл жаңы муунду көрсөтөлү деп атабыз.

- ШКУга кирген өлкөлөрдүн маданий байланышын чыңдоо жаатында келишимге кол коюлат экен. Анан келишимдин негизинде кандай иштер жасалат?

- Бул документтин өтө чоң маданий-саясий мааниси бар. Себеби ШКУнун курамына кирген мамлекеттер бүгүнкү Евразиянын негизги саясатын, маданиятын аныктап турган күчтүү державалар бар. Биз ШКУ аркылуу жаңы маданий мейкиндикти, жаңы маданий интеграциялык байланыштарды чыңдайлы деген оюбуз бар. Маданий келишим аркылуу биз эки тараптуу, көп тараптуу маданий алакаларды жайылтабыз. ШКУ өлкөлөрүнүн арасындагы театралдык фестиваль өткөрүү, сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын алмашуу, жаш кадрларды даярдоо боюнча да бир топ маселелер бар. ШКУнун курамына кирген мамлекеттердин маданият күндөрүн өткөрүү планы бар. Дегеле биздин маданиятты ушул уюмдун алкагында өнүктүрүү негизги маселе болуп эсептелет

-Чоң ыракмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG