Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

НАРЫНДА УКУК КОРГООЧУГА КОЛ САЛУУ КОРКУНУЧУ БОЛДУ


Нарын шаарына сотко катышууга барган укук коргоочу Азиза Абдырасуловага белгисиз аялдар тараптан кол салууга аракет жасалган. Укук коргоочу муну милиция кызматкерлери уюштурган болушу мүмкүн дейт. Бирок жергиликтүү органдын өкүлдөрү мындай жүйөнү чет кагып, териштирүү жүрүп жатканын айтышат.

10-августта Нарын шаардык сотунда өткөн жылдын ноябрында шаардык ички иштер бөлүмүнө ууру кылды деп шектелип кармалып, андан соң ооруканада каза болгон Акылбек Сакеевдин иши боюнча кезектеги отуруму болду. Ага Бишкектен укук коргоочу Азиза Абдырасулова келип катышты. Сот учурунда тыныгууга чыккан укук коргоочу Азиза Абдырасуловага чогулган аялдар кыйкыра башташкан.

- Сот залынан чыкканда эле имараттын экинчи кабатындагы аянтчадагы аялдар атайын күтүп турушкандай эле болду. Мен чыккандан кийин эле мага карата кыйкырышып, “сен эмне себептен Бишкектен бул жакка келип жүрөсүң. Сени биз Нарындан тирүү чыгарбайбыз. Нарындан тирүү чыгып кетем деп ойлоп жатасыңбы” деген сөздөрдү айтышты. Бул аялдарды мен биринчиден көргөн эмесмин. Мени менен келген Бектемир Акуновдун баласы Урмат Акунов жана Жаныбек Сопиев деген юрист бар эле. Тиги аялдар мага карай жулкунушканда, албетте алар мага жеткиришкен жок аялдарды. Бирок, шаардык прокуратуранын наамына жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигине арыз жаздырып, каттоодон өткөзүп койдук,- дейт Азиза Абдырасулова.

Сотко күбө катары чакырылган Сакеевдин апасы болсо мындай дейт:

- Бул жакка баламдын соту деп чакырганда келдим. Өкмөт акыйкат менен табат го. Менин түшүнүгүм ошол.

Күбө катары өтүп жаткан маркумдун баласы сотко келбегендиктен иш 13-августка жылдырылды. Азиза Абдырасулова бул ишти милиция уюштурду деген пикирде болгондуктан, ал жерде жүргөн Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Каныбек Чолпонбаевге микрофон узатканыбызда ал буларга токтолду:

- Бүкөн деген аял келе жатканда мен айттым “токтоткула, кыйкырбагыла” десем мени күнөөлөп, Турсунбек Акунга телефон чалып жатат. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Чолпонбаев деген уюштуруп жатат дейт. Мен ал аялды тааныбайм. Ал сүт саткан аял. Мен кой дегениме күнөөлүмүнбү? Андай болсо урушмак турсун мушташсын. Анан кийин барып мен иликтөө жүргүзөм. Азиза Абдырасулова арыз берди, аны карайбыз. Бардык милдеттемелер берилди. Мен ошондой дагы болуп кетпесин деп келгем,- деди Каныбек Чолпонбаев.

Ал эми укук коргоочу бул иш боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Сабырбек Курманалиевдин кабыл алуусунда болуп, арыз жазып берди.

XS
SM
MD
LG