Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:01

ООГАНСТАН МЕНЕН ПАКИСТАНДЫН «ТЫНЧТЫК ЖИРГАСЫ» АЯКТАДЫ


Айгүл Жунушалиева,Прага Кабул шаарында Ооганстан менен Пакистандын 700гө чукул уруу башчыларынын «Тынчтык жиргасы» деп аталган жыйыны аяктады. Алгач жыйынга катышууга макулдук берген Первез Мушарраф 8-августта «өлкөдөгү олуттуу иштердин айынан» жиргага бара албасын билдирген. Ал эми массалык маалымат каражаттары жазганына караганда президент телефон аркылуу АКШ нын мамкатчысы Кандолиза Райс менен сүйлөшкөн соң жыйынга барууну чечкен.

Ошентип Пакистан президенти бүгүн уруу башчыларынын курултайынын жыйынтыктоочу отурумуна барып, сөз сүйлөдү. Ал дүйнө мамлекеттери экономикалык өнүгүүгө жетишип, алдыга карай озуп жатса, Пакистан менен Ооганстан өзгөчө күч алган эктремизм менен күрөшүүгө мажбур болуп жатат деп кейиштүүлүк менен белгиледи. Ошондой эле эки өлкө касташууну токтотуп, аймактагы туруктуулук үчүн бирге иш алып баруусу керек экенин айтып өттү:

- Биздин калктарыбыз бир-бирине байланган, эки элдин тагдыры бир.

«Тынчтык жиргасынын» ачылышында ооган өлкө башчысы Хамид Карзай да ушул өңдүү сөз сүйлөп, эки өлкө терроризмге каршы бирге иш алып барганда гана, ал аракеттер жемишин берет деп айткан.

Ал эми бул иш чараны чагылдырып жаткан Азаттыктын ооган кызматынын кабарчысы Брешна Назаринин айтымында өлкөдө курултайга сын көз карашта болгондор да жок эмес:

- Өкмөттүк гезиттер жиргада кабыл алынчу чечимдерге оптимисттик көз карашта. Ошол эле маалда Кабулдагы көз карандысыз массалык маалымат каражаттары жыйында алгылыктуу чечимдер кабыл алынаарына такыр эле ишеним арткан жок. Ал гезиттер уруу башчылары кабыл алган бүтүмдөр юридикалык күчкө ээ болуп, аларга өлкө жетекчилери тарабынан кепилдик катары кол коюлушу керек деп жазып чыгышты.

Ошентип, үч күнгө созулган уруу башчыларынын жиргасы соңуна чыгып, катышуучулар атайын декларация кабыл алышты. Анда терроризм эки өлкөгө тең бирдей коркунуч жаратууда, андыктан Пакистан жана Ооганстан аны менен күрөшүүдө биргелешип иш алып баруусу зарыл экени жазылган.
Ооган президенти Хамид Карзай «курултай ийгиликтүү аяктады, анда кабыл алынган чечимдер эки тарап үчүн тең бирдей маанилүү» деп белгиледи.

Соңку кабарларга караганда, уруу башчыларынын бүгүнкү курултайы өндүү жыйынды болочокто Пакистанда өткөрүү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG