Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:01

8:18 Талашка түшкөн “Ысыккөл-инвест” банкынын айланасындагы маселе боюнча бүгүн маалымат берилет


Аталган банктын жетекчиси Болот Байгожоев бүгүн бул маселе боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы соттук жогорку инстанцияларга кайрылаарын билдирүүдө. Анын айтымында, 41 пайыз акцияга ээ акционерлер тобунун жаңы башкармалык шайлап алуусуна мыйзам жол бербейт жана райондук соттун чечими адилетсиз болгон. “Ысыккөл-инвест” банкын 10-августта Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде банк акционерлеринин бир тобу ээлеп алышкан. Ички иштер министрлиги болсо банктын ээлери сот чечимине ылайык, мыйзам чегинде алмаштырылгандыгы тууралуу маалымат таратты.(SM)

XS
SM
MD
LG