Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

А.ЖООДОНБЕКОВ: МЕКТЕПТЕРДЕ МОРАЛДЫК КЛИМАТ АЯБАГАНДАЙ ТӨМӨН


Жаңы окуу жылына саналуу гана күндөр калды. Ага даярдыктар, чечилип жаткан жана чечилбей жаткан маселелер тууралуу Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунун, Инновациялык билим берүү технологиялары лабороториясынын башчысы Асылбек Жоодонбеков “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Кыргызстандагы өзгөчө элет жериндеги мектептерде мугалимдердин саны жетпей жатканы айтылып жүрөт. Жаш кадрларды тартуу үчүн “Жаш мугалимдин депозити” деген программа да иштеди эле. Ал программа менин билишимче үч жылдан бери иштеп жатса керек? Ушул үч жылдын ичинде өзгөрүш барбы. Быйыл окуучулар мектепке келгенде аларды окута турган мугалимдер жетиштүү эле болобу?

- Албетте, үч жылдан бери “Жаш мугалимдердин депозити” программасы иштеп жатат. Алгачкы жолу 200 мугалим андан кийин 2005-2006-жылга 300 мугалим, ал эми былтыр 2007-жылга 700 мугалимге атайын мамлекеттик депозит сыяктуу кошумча каражат берүү менен мугалимдерди мектепке тартканбыз. Албетте, бул айыл жериндеги бир канча маселелерди чечип жатат. Дагы деле болсо тилекке каршы бул өзгөчө педагогикалык жогорку окуу жайларды бүткөн жаш мугалимдерди айылга максималдуу тартууга, тилекке каршы жардам бербей жатат. Мисалы, бүгүнкү күндө республика боюнча 3500-4000 миңге жакын мугалимдер жетишпейт. Көбүнчөсү айылдагы кыргыз мектептери, өзгөчө так илимдер боюнча аксап жатат. Бүгүнкү күндө орус тили боюнча мугалимдер жетишпейт. Бул бир иш чара. Бирок, бүгүнкү күндө мамлекет депозиттен тышкары мектептеги кандайдыр бир фундаменталдуу реформаларга барбай жаткандыгы үчүн тилекке каршы дагы деле болсо мугалимдерге болгон дефицит мектептерде улана бермекчи. Себеп дегенде быйыл бюджеттик орунга дагы көбүрөөк, 70 % чейин 2800-2900 орун берилди. Бул гранттын эсебинен. Бирок, тилекке каршы педагогикалык ВУЗдан баргандардын дээрлик 50% көпчүлүгү мектептерге барбай жатышат.

- Сиздердин борбор Инновациялык-технологиялар деп аталат экен. Кандай технологиялар менен иштешесиздер?

- Бул - Кыргыз билим берүү академиясынын астындагы инновациялык билим берүү технологияларды окутуу борбору. Бүгүнкү күндө мектептерде мындай маселе болуп жатпайбы. Эмерекке, компьютерге, окуу китептерине ж.б. ремонт иштерине, биринчи класстан төртүнчү класска чейинкилерге тамак-ашка мамлекет тарабынан көбүрөөк акча бөлүнө баштады. Мисалы, каржы министрлигинин отчету боюнча ремонтко эле быйыл бир миллиарддан ашык каражат жумшалды. Бул салыштырмалуу 10-15 эсеге көп. Мисалы үчүн 2006-жылга 106 миллион каражат жумшалса, быйыл 1 миллиард каражат жумшалып жатат. Эми биздин борбордун эң негизги максаты мугалимдерден баштоо. Алардын статусун, аң-сезимин, моралдык климатын, иштөө методикасын өзгөртпөсөк, бүгүнкү күндө мектептерди реформалоо ишке ашпайт. Ошондуктан билим берүү технологияларын, жаңы окуу ыкмаларын ойлоп чыгуу, чет мамлекеттик окуу ыкмаларын окутуу менен мугалимдин ортосундагы жакындашууну, иштөөнү жаңылоо болуп эсептелет. Биздин борбордун негизги максаты ушул.

- Сиздер ушундай сунуштарды киргизип жатасыздарбы. Мамлекет сиздердин сунуштарды колдогон реформаларды өткөрүшү керекпи?

- Мисалы, бүгүнкү күндө мамлекет мектептеги билим берүү тездигине чыгыш үчүн бир катар кадамдарды жасаш керек. Менин оюмча бир канча кадамдар бар. Алар кайсылар. Бүгүнкү күндө тилекке каршы көп каражаттардын мектепке бөлүнүп баштаганына карабастан мектептерде моралдык климат аябагандай төмөн. Мисалы, Советтер Союзунда 1930-жылдарда башталган терең реформалар өзүнүн натыйжасын эмне үчүн берген. Себеби, коомду мектеп сүйрөгөн.

- Ал үчүн бүгүн кандай аракеттерди көрүш керек дейсиз?

- Эң негизги нерсе бул мугалимдердин моралдык климатына көңүл буруш керек. Керек болсо Советтер Союзунун мезгилиндей кылып, окуу китептеринен бери камсыз кылуу, ремонт иштерине мамлекет өзү кам көрсө жакшы болмок.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG