Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:44

15:52 Саммит учурунда мыйзамсыз жүрүштөргө, жол тосууларга катуу чаралар колдонулат


Бул тууралуу ички иштер министрлиги тараткан күчөтүлгөн тартип жөнүндөгү билдирүүдө айтылат. Күчөтүлгөн тартипке ылайык милициянын жумушчу күнү бүгүнтөн баштап 23 саатка чейин созулат. Бишкек шаарында чарчыга бөлүнгөн аймактар боюнча оперативдүү 20 топ иштейт. Бишкек шаарына кирүүчү жана чыгуучу жолдорго тосмолор орнотулуп, авто унаалар жана шектүү жарандар текшерилет. Жөндүү себеби жок жарандар Бишкек шаарына киргизилбейт. Өлкө боюнча Ички иштер кызматынын бардык жетекчилери казармалык тартипте иштешет.(BuS)

XS
SM
MD
LG