Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

18:53 Баткен губернаторуна кытайлык кыргыз ишкери сунуш кат жолдоду


Бул тууралуу Баткен облус акимчилигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» 13-августта маалымдады. Баткен губернатору Султан Айжигитовдун атына келген кат, Кытай Эл республикасынын Синьзянь Уйгур автономиялык республикасындагы кыргыз улутун даңазалаган жападан жалгыз «Гүлбурак» фирмасынын президенти Памир Эсентурдан жолдонгон. Катта эки элдин ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоо, андан ары көтөрүү жана жакырчылыктан чыгаруу максатында Кыргыз-Кытай биргелешкен ишкана ачууга макулдук жана көмөк берүү жагы суралган. Алгачкы иш максаттарында шлак-бетон, блок кыш чыгаруу, евро стандартта эшик терезелерди жасоо, үй эмерек жасоо цехин ишке киргизүү, мөмө жемиш ширелерин чыгаруу маселелери каралган. Ошондой эле жогоруда айтылган иштерди жасоо үчүн кытайдан атайын алты адистин келүүсү зарылдыгы, аларга виза жагынан көмөк көрсөтүү жагы да суралган. (SA)

XS
SM
MD
LG