Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

САММИТКЕ КАРАТА БИШКЕКТЕ АЙРЫМ ДҮКӨНДӨРДӨ ИЧИМДИК САТЫЛБАЙ КАЛДЫ


Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү саммитине карата борбордук көчөлөрдөгү дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатуу 20-августка чейин убактылуу токтотулган. 8-августтан бери ичимдиктердин сатылбай калышына жергиликтүү тургундар жана дүкөн, кафе ээлери нааразы.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн жээгинде жайгашкан дүкөндөрдө 20-августка чейин спирт ичимдиктерин сатууну убактылуу токтотуу тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоевдин “Азаттыкка” берген интервьюсунда борбордук көчөлөрдөгү дүкөндөрдөн сырткары бардык жерде ичимдиктер сатылууда. Өкмөттүн бул токтому саммит учурунда коомдук тартип бузууларга жол берилбесин, спирт ичимдиктерин сатууга убактылуу чек коюлсун деген ниетте гана чыккан, деп билдирди Арстанбек Ногоев.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Бакыт Сейитовдун айтымында, ШКУ саммитинин күндөрүндө Бишкектин меймандар өтчү борбордук көчөлөрүндөгү дүкөндөрдүн арак-шарап, ал түгүл пиво сатуучу бөлүмдөрү убактылуу гана жабылып, меймандар кеткенде 20-августта кайрадан ачылат. Саммит учурунда Кыргызстандын борборунда коопсуздукту көзөмөлдөө жана коомдук таптипти сактоо максатында беш миңден ашуун милиция кызматкери иштейт.

Борбор шаар тургундары ШКУнун саммити баштала электе Бишкектеги борбордук көчөлөрдөгү кафе, ресторан жана дүкөндөрдө ичимдиктердин сатылбай, ал түгүл жайдын ысык аптабында пиво суусундугу да сатылбаганына жергиликтүү тургундар нааразы. Чүй жана Манас проспектилериндеги супермаркет, айрым дукөндөргө баш бакканыбызда спирт ичимдиктерди сатуучу бөлүмдөрү иштебей туруруптур. Манас проспектисинде жайгашкан дукөн ээси, атын атабоону өтүнуп, мурда күнүнө 10-15 миң сом киреше спирт ичимдиктерин, пиво сатуудан түшсө, учурда чыгаша болуп күнүгө 2 миң сомдук гана соода болуп жатканын айтып наалыды. Ай сайын 600 доллар аренда акы төлөйбүз, саммит учурундагы чыгашабызды ким төлөйт, деп суроо узатты ал. Катарыбыздагы “Мисир” аттуу кымбат баалуу ичимдик сатуучу дүкөндөн чиновниктер өздөрү жашырынып арак-шарап сатып алып кетишүүдө, дейт атын атоодон тартынган сатуучу.

Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоевдин “Азаттыкка” берген интервьюсунда ШКУнун саммитинин шылтоосу менен борбордук көчөлөрдөгү бир миң беш жүзгө жакын павильон, киоск майда чакан дүкөндөр алынды. Айрымдары башка көчөлөргө коюлду. Өнүккөн өлкөлөрдө, борбор шаарларда мындай павильон, майда дүкөндөр жок. Бишкек шаары Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата жүз пайызга даяр, деп билдирди Арстанбек Ногоев.

Бишкектик Тумар Карыбаеванын айтымында, ушундай иш чара ШКУнун саммитин шылтоолоп ичимдиктерди сатпай коюу менен адам укуктары басмырланып, карапайым ишкерлердин соода-сатыгына зыяны тийүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG