Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ КҮЙДҮРГҮ ООРУСУН ТАЛКУУЛАДЫ


Сокулук районунда катталган күйдүргү оорусуна байланыштуу маселелер 13-август күнү Кыргыз өкмөтүндө да талкууга алынды. Вице-премьер министрдин деңгээлинде өткөн бул жыйында жалпы эле республикадагы эпизотикалык жагдайды коопсуздандыруу зарыл деп табылып, атайын программа иштеп чыгуу мерчемделди.

Вице-премьер-министр Досбол Нур уулу өткөргөн жыйындын башкы чечими тууралу Кыргыз өкмөт аппаратынын агроөнөржай комплексин жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Тулеев айтып берди:

- Жалпы Кыргызстанда күйдүргү оорусун четтетүү жана алдыналуу боюнча атайын программа иштелип чыгылат жана кабыл алынат.

Бул чечим Cаламаттыкты сактоо министри Туйгуналы Абдраимовдун сунушу менен кабыл алынганын белгилей кетели. Ал эми өкмөт жыйынынын токтом долбоору, айрыкча бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялоо беренеси колдоо тапканы жок. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Сооронбай Жээнбеков мындай токтом долбоору тиешелүү министрлерге алдынала кабарланышы керектигин, бул жолку күйдүргү оорусунун чыгышында мал ээси малын таптакыр жашырып, каттоого алдырбай баккандыктан ветеринардык адистер мыйзам боюнча ага айыпкер болбостугун айтып чыкты. Ошондон улам жыйында күнөөлүүлөрдү дыкат аныктоо жана ал тууралу маалыматты август айынын соңуна чейин билдирүү жагы министр Сооронбай Жээнбековдун өзүнө тапшырылды.

Ал эми жалпы Кыргызстанда күйдүргү оорусуна байланыштуу эпизотикалык кырдаалды коопсуздандыруу үчүн Кыргыз өкмөтү каражат маселесин чечип берүүгө макул. Аны азыр эсептеп чыгышкандыгын Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы деректири Талантбек Узакбаев сөзгө кыстарды:

- Кыргызстанда 1939-жылдан бери күйдүргүнүн 1176 очогу катталган. Жыйында кошумча каражат берилсин деген чечим болду. Бирок, буга чейин күйдүргү оорусу менен күрөшүүгө 1 миллиондой гана акча каралчу. Эми малды толук ваксинация кылыш үчүн дагы 1 миллиондой сом, оорунун очоктору менен иштөө үчүн дагы 1,5-2,0 миллиондой сом керек. Жалпысы, 3,5-4,0 миллиондой сом. Ага өкмөтүбүздүн алы жетеби?

Сокулук районунун акими Адамкалый Чыныбаев райондун Гавриловка кыштагында союлуп, үч адамды күйдүргү оорусуна кириптер кылган Акименко аттуу адамдын оорулуу уюнун эти те Балыкчыга чейин кетип калгандыгын жаңылык катары жарыя салды. Бул жерде башкы айыпкер оорулуу малын союп туруп, этин элге таратып ийген мал ээси деп эсептейт.

Ошол эле кезде “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, кызмат адамдары бирин-бири сактоо менен, өзү ооруга чалдыккан карапайым адамды катыра жазалатып салбас бекен деп кооптонгондор да чыгууда. Маселен, Бишкек шаар тургуну Нурбек Элебесов:

- Биринчи кезекте ошо күйдүргүнүн чыгышына шарт түзгөн тиешелүү кызмат адамдары, жетекчилер күнөөлүү да.

Кыргыз өкмөт аппаратынын агроөнөржай комплексин жана кайра иштетүү өнөржайын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Тулеевдин айтуусунда, 13-августта өткөн өкмөт жыйынынын чечими азырынча чыга да элек. Алымча-кошумчасы такталууда.

XS
SM
MD
LG