Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

КАРАКОЛ СПАРТАКИАДАСЫ АЯКТАДЫ (сүрөтбаян)


11-августта түп районунун “Маяк” айлында эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында V-спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Кечээ, 10-августта төрт салмакта тең бишкектик балбан кыздар жеңишке жетишсе, 11-августта үч салмак боюнча мөрөй талашуу болуп, мында да бишкектик кыздар айырмаланды. 51 кг жеңил салмактагы жеңүүчү бишкектик Дилара Осмонова болсо, 59 салмакта да бишкектик Нурзада Шайлообаева чемпион аталып, алтын медаль тагынды. Ал эми 67 кг салмактагы бишкектик Асель Иманалиева жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча командалык эсепте бишкектиктер биринчи орунду камсыз кылышты.

Волейболдон Ош шаары финалда бишкектиктерди 3:0 эсебинде жеңип, баш байгенин ээси болду. Ысыккөлдүктөр күмүш медалдын ээси болушту.

11-августта эркектер командаларынын баскетбол оюну боюнча V-спартакиаданын чемпиондук наамын бишкектик жигиттер жеңип алышты. Чүйлүктөр экинчи, Ош шаарынын өкүлдөрү үчүнчү орунду ээлешти.

Футболдон да 11-августта коло байге үчүн Нарын облусу менен ысыккөлдүк футболчулар беттешип, биринчи таймда эсеп ачылбай, экинчи таймда 2:1 эсебинде ысыккөлдүктөр жеңип, үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Футболдон баш байге үчүн бишкектиктер менен чүйлүк футболчулар беттешип, натыйжада 5:0 эсебинде бишкектиктер утуп, V-спартакиаданын чемпиону болуу менен алты күндүк мелдештер жыйынтыкталды.

Караколдо өткөн V-спартакиадалык оюндарда спорттун 14 түрү боюнча мөрөй талашуулардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын командасы баш байгени колдон чыгаршкан жок. Алар спорттун он бир түрү боюнча биринчи орунду ээлешти. Алты күндүк мөрөй талашууда 130 упай топтогон Ысыккөл облусунун командасы командалык эсепте экинчи орунду камсыз кылды. Чүй облусунун спортчулары байгелүү үчүнчү орунду ээледи.

V-спартакиаданын таймашууларына жети облусттан жана Бишкек, Ош шаарынан бир миң алты жүз спортчу катышты. Каракол шаары кийинки спортакиаданы өткөрүү эстафетасын Ош шаарынын өкүлдөрүнө тапшырышты. Биринчи орун үчүн Бишкек шаарына 120 миң сом акчалай сыйлык жана чоң Кубок тапшырылды. Экинчи орунду ээлеген Ысыккөл облусуна 100 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Үчүнчү орунду Чүй облусу ээлеп, 80 миң сом акчалай сыйлыктын ээси болушту.















  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG