Кытай төрагасын бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев тосуп алмакчы. Эки күндүк сапардын алкагында Ху Цзиньтао президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкө башчылары биргелешкен декларация кабыл алып, мындан сырткары дагы бир катар келишимдерге кол коюлмакчы. Кытай төрагасы Кыргызстандагы сапарын 16-августта Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу менен жыйынтыктайт. (SM)