Бирок Орусия менен Кытайдын өкүлдөрү уюм азырынча жаңы мүчөлөрдү кабыл ала албастыгын буга чейин билдирген. Маалыматтарга караганда, уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жол-жобосу азырынча иштелип чыга элек. Аталган уюмдун 16-августта өтчү Бишкектеги саммитине Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад да катышмакчы. Иран азыр бул уюмда байкоочулук макамга ээ. Шанхай кызматташтык уюмуна азыр Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет.