Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:41

КАРЫСЫ БАРДЫН КАРЫЗЫ БАР


Кыргызстандын ири финансы пирамидаларынын бири эсептелген «Рентон групп» урап түшөрү менен ага акчаларын сактап келишкен 30 миңден ашуун кары-картаңдар ушу күнгө чейин аласаларын алалбай келатышат. Аласа көлөмү - 300 миллион сомго барабар.

Тишеси бар атка минерлердин куру убадаларына тоюп бүткөн пенсионерлер эки күндөн кийин өтө турган Бишкек саммити учурунда митингке чыгып, дүйнө коомчулугунун көңүлүн ушуга бургусу келди эле, пенсионерлер эмес шайтанды да жайгарган Акүй буулуккан карылардын буусун басып, чыдай тургула, саммит бүтөрү менен аласаңарды алып беребиз деп жоошутту деп жазган «Комсмольская правда Кыргызстан» гезити, эгер атка минерлер адатынча дагы алдай турган болсо, алдаткан пенсионерлер күзүндө нааразылык акциясына массалык түрдө чыгарын билдиргенин баяндады. Азырынча биз тирүүбүз, демек өлүп калганга чейин күрөшөбүз дешет алар. Гезит ошондой эле Бишкек мындан ары таза шаар болорун, тушкелди таштанды ыргыткандар катуу айып тартарын белгилеп, саммит учурунда шаардын көчөлөрүндө кыйшаңдап мас болуп жүргөндөр болсо дароо көзү тазаланарын, саммиттин меймандары жайгашкан жайга жакын жердеги бардык соода түйүндөрүндө ичкилик ичимдиктерин сатууга тыйуу салынгандыгын кабарлады.

Жаңы бийликтин идеологдорунун олуттуу катачылыгы өнүккөн социалисттик коомдун идеологиясына таянгандыгында, өткөн коомдун идеологиясы да карапайым калкка жогор жактан зордук менен таңууланган, анын кыйшайуусуз туура экендигине ар бир жаранды ишендиришкен жана анын аткарылышын ачык да, жабык да көзөмөлдөп турушкан. «Биз Кыргызстандын тагдыры ар бир жарандын тагдыры менен байланышкан тарыхый кырдаалга туш келдик» деген сөздөр жазылган жаңы идеянын өзөк сөзүндө. Бирок анын авторлору шашылып жаткан жокпу?

Анткени өз жарандарынан өтө эле алыстап кеткен Кыргызстан сыяктуу мамлекет дүйнөнүн эч жеринде болгон эмес. Дал бүгүнкү күндө карапайым калкты эл бийлегендер менен соттордун, күч органдары менен кылмышкерлердин өзүм билемдиктеринен коргоп калам деп кепилдик бере турган мамлекет жок. Адам баласы биздин өлкөдөгүдөй эч жерде, эч качан укуксуз, коргоосуз жана амалы куруп, айласы түгөгөн абалга жеткен эмес, деп жазды «МСН» гезити «Идеологиябы же моралдык кодекспи?» деген макаласында. Гезит андан ары буйрук менен мамлекеттик катчыны дайындаса болорун, бирок жалпы улуттук идеяны буйрук менен элге сиңирүү мүмкүн эместигин кошумчалайт. Ушул эле гезит Кароол Дөбөдөн кенч издегендердин чуусу эми-эми сууй баштаганда Кыргызстандын Күнчыгыш тарабынан- Түптүн Күрмөнтүсүнө жакын жерден алтын издегендер пайда болгонун, алар да илгерки бир уламышта айтылып, ушул жерге көмүлгөн деген 40 тонна алтынды издеп жатышканын, алтын табылып калса Кыргызстандын тышкы карызынан кутултууга жардам бермекчи болушканын маалымдады. Алтын издегендер аны табуу далалаты менен алтургай байыртан агып турган суунун нугун да башка жакка буруп жиберишкен. Бирок алардын алтын казуу үчүн алган кагаздарынын баары мыйзамдуу болгонуна карабастан кыжырданган жергиликтүү калк үңкүрдөн «кууп» чыкканын жазып чыкты. Бүткүлдүйнөлүк банк эсеби боюнча Кыргызстан быйыл-73 миллион доллар, келерки жылы-78 миллион, анын аркы жылы-84 миллион, 2110-жылы-90 миллион, 2015-жылы-167 миллион, ал эми-2023-жылы-475 миллион доллар карызын төлөшү керектигин… Ошентип жээрин жеп, аларын алып, эми аны төлөй турган кез келгенин жарыя кылды.
XS
SM
MD
LG