Бул тууралуу Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты. Өз сапарынын жүрүшүндө Э. Рахмон Кытай төрагасы Ху Цзиньтао, БУУнун баш катчысынын орун басары Линн Паско, Иран президенти Махмуд Ахмадинежад жана кыргыз өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен жолугушат. Э. Рахмондун Кыргызстанга сапары 16-августта аяктайт. Ушул тапта тажик президенти Азербайжанда расмий иш сапары менен жүрөт. (ZMa)