Бул тууралуу “СПИД” республикалык бирикмесинин деректири Сагынаалы Маматов “Азаттыкка” билдирди. Өткөн жумада Оштогу Карасуу районунда төрт балада ВИЧ инфекциясы табылды деп маалымдалган эле. Аларды текшергенде төртөөнүн бирөөсүнөн гана бул илдет табылганы аныкталды. С. Маматовдун айтымында, учурда кан тапшырган донорлор катуу көзөмөлгө алынды. “Ушул тапта элүү баланын каны текшерилүүдө. Жуманын аягына чейин алардын анализдери дагы даяр болуп калат”,-деп кошумчалады С. Маматов. (ZMa)