Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Т.МАМАШОВ: ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ҮЙРӨНҮП АЛДЫК


Ушул күндөрү Кыргызстан аркылуу Париж-Бейжин-Париж багыты боюнча жүргөн эски авто унаалардын алгачкы жүрүшү өтүп жатат. Кыргызстанга бул ретро унааларынын алгачкылары кечээ Карабалта-Бишкек-Нарын-Торугарт багыты аркылуу өтө баштады. Ушул жана туризмге тиешелүү «Азаттыктын» суроолоруна Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашов жооп берди.

- Алгач “Азаттыктын” угармандары ретро унааларынын жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз?

- Бул бизде экинчи жолу кайталанып жатат. Былтыр дагы ушундай эсте калаар жүрүш Бишкек аркылуу Казакстанга өткөн. Быйыл өзгөчө башкача. Булар эски эки аттын күчүнө барабар унаалардын жүрүшү. Пекин-Париж-Пекин багыты боюнча өтүү Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан аркылуу болот. Бул Кыргызстан үчүн өтө чоң жакшы окуя. Чынын айтканда август айы кыргызстандыктар үчүн жемиштүү майрамдардын айы деп айтсам жаңылышпаймын. Бул айда негизи окуя көп. ШКУнун саммитинин алдында турабыз. Андан кийин эгемендүүлүк күнүбүз бар. Ошонун баары жандаш болуп, дүйнөлүк эски авто унаалардын Париж-Пекин багытына Кыргызстан аркылуу өткөндүгү бул кыргызстандыктар үчүн өтө бир чоң жаңылык деп айтсам болот. Себеби, Кыргызстан туризм өлкөсү деп бир эмес эки жылдан бери жар салып келе жатабыз.

- Турусбек мырза, сиз менен туура бир жыл мурда таңкы “Азаттыкта” сүйлөштүк эле. Ошондо сиз былтыркы жылды кыргыз туризми үчүн өзгөчө жыл болду деп айтканыңыз эсимде. Туризм ал убакта мамлекеттин бюджетинин тең жарымына тете киреше бергенин айтыңыз эле. Эми азыр туризм кызып турган убакта эми быйыл абал кандай болот?

- Быйыл жаман эмес. Бул жылы дагы былтыркы жылдарга караганда үзүрлүү, жемиштүү жыл болот деп айтсак жаңылышпайбыз. Эми алдын ала айтуу кыйын. Себеби, алдыда дагы жарым жыл убакыт бар. Былтыркы жылдан начар болбойт. Биз эң негизгиси жылдан жылга өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасынан үйрөнүп, ошол ыкма менен өнүгүүнүн жолуна түшүп алдык. Мисалы, биз Ысыккөлдөгү путевкаларды жарым же үч-төрт ай мурун сатып жибердик. Мурда күтүп отурчубуз качан туристтер келет деп. Азыр болсо эл аралык фестивалдарга, көргөзмөлөргө катышып, ошол жерден сатып жибергенди үйрөндүк. Эми мына жакшынакай маанайда отурабыз. Бул өнүгүүнун жолу.

- Республиканын башка региндорунда туризмди өнүктүрүүгө мамлекет каражат бөлүш керек деп айтып жүрөт элеңиз. Быйыл Ысыккөлдү кошпогондо өлкөнүн кайсы региндорунда туристтик жайдарды оңдош үчүн канча каражат бөлүндү же бөлүнүп жатат?

- Быйыл кудайга шүгүр Ошто биринчи болуп, “Ош шаары - улуу жолунда” аттуу эл аралык көргөзмөнү өткөрдүк. Бул жерге бардык келген коноктор, журналисттер баары келишти. Чындап эле түштүк аймагында туризмдин өнүгүүсүнө чоң потенциал бар экенин өз көздөрү менен көрүп кетишти. Өзгөчө жаратылыш туризми деп жатпайбызбы. Бул туризм өнүгүүнүн алдында турат. Бирок, тилекке каршы азыр региондорго бюджеттен кенен каражат бөлүү маселеси болбой жатат. Бирок, биз сентябрда атайын региондорду өнүктүрүү боюнча семинарларды өткөрүүгө даярданып жатабыз. Бул жерде биздин премьер-министрибиз өзү баш болуп катышат. Ошондуктан мен ойлойм негизинен региндорду өнүктүрүү кадамдары башталды.

- Маегиңизге ырахмат, ийгилик!

 

XS
SM
MD
LG