Кечээ Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Досбол Нур уулунун төрагалыгы астында чукул кырдаалдар боюнча эпидемиологиялык комиссиянын жыйыны өттү. Жыйында Сокулук районунун Гавриловка айылында катталган күйдүргү илдети тууралуу сөз болду. Өзгөчө коркунучтуу инфекциялар жана карантин боюнча республикалык борбордун директору Жалалидин Гайбулиндин маалыматына ылайык, өткөн жылы күйдүргү илдети менен он жети адам катталса, ушул жылдын тогуз айында эле он эки окуя аныкталган. Ж. Гайбулин учурда бул илдеттин жайылышына жол бербөө үчүн чаралар көрүлүп жаткандыгын кошумчалады. (ZMa)