Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

М.КАРАТАЕВ: НООКАТТАГЫДАЙ ООРУ ОЧОГУ БАШКА ЖЕРДЕ ДА БОЛУШУ МҮМКҮН


Кабарларда айтылгандай Ош облусунда ВИЧ инфекциясы жуккан болушу мүмкүн деп шектелип жаткан үч адамдын анализдеринин жыйынтыгы бүгүн дайын болот. Ушул жааттагы «Азаттыктын» суроолоруна Cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жооп берген.

- Алгач айтсаңыз, кайсыл убакта ВИЧ дартына кабылып калган үч адамдын анализи чыгат жана алар эмне себептен шектенип жатат. Алардын анализи кайра каралып жатабы?

- Бул Ошто, Ноокатта болгон окуя. Бул СПИДдин таралышы боюнча үч-төрт күн мурун маалымат бергенбиз. Бүгүнкү күндө лабораториянын анализдерин бүгүн түштөн кийин кечке жакын алабыз деп турабыз. Себеби, лабораториянын өзүнүн системасы, этабы бар. Лабораториялык талаптарды карап чыккандан кийин толук айта алабыз.

- Өткөндө Ноокатта болгон бул окуя жөнүндө маалымат бергенбиз дедиңиз. Ошондо министр Туйгунаалы Абдыраимов баардык балдар текшерүүдөн өтүп, таза чыкты деген билдирүү тараткан эле. Эми минтип эки адамга жукканы толук анык болду. Дагы үчөөсү шектелип жатат. Албетте, ВИЧ инфекциясынын жуккан жукпаганын заматта аныктоо кыйын экени белгилүү деңизчи. Бирок, окуя азыркыдай нукта өнүгүп жатканы башка жерлерде дагы ал ооруну жуктуруп алгандар толук мүмкүн деген кооптонууну жаратпай койбосо керек?

- Бул боюнча биз Жалалабатта, Баткенде, Нарын, Ысыккөл, Чүй, Талас, Бишкекте дагы изилдөө жүргүзүп жатабыз. Себеби, өзүңүздөр билесиздер мунун себептерин жанараак токтолуп айтып кеткем. Мен кайталабай эле коёюн. Алдын алуу боюнча бүт республикадагы дарылоо мекемелерин карап чыгып, ушул оору боюнча кандай жетишпегендиктер бар. Мисалы, Ноокатта, Ошто болгон жетишпегендиктер башка жерде дагы болушу мүмкүн. Абалды толук анык билиш үчүн комиссия иштеп жатат.

- Мадамин мырза, албетте Ноокаттагы окуя боюнча бир катар доктурлар кызматынан алынганы белгилүү. Бирок, ушундай окуялар кайталанбаш үчүн мындай окуяларда жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн кандай аракеттерди көрүш керек деп ойлойсуз?

- Биринчиден, системанын бардыгы бирдей иштеш керек. Жалаң эле дарылоо мекемеси эмес санитардык көзөмөлдөө, кан куюуу боюнча бүт системаны жолго коюшубуз керек. Экинчиден, өткөндө министр айтып кендей жалаң эле облустун чегинде эгер материалдык техникалык жабдуулар туура келсе, квалификация туура келсе ошол жерде эле биз камалабыз деп. Биз дүйнөдөгүдөй кылып өз каалосу менен кан бергидей кылышыбыз керек. Акча менен эмес. Кан берип жатканда донорду анык, терең изилдешибиз керек. Бизде бир жолу гана колдонуулуучу ийнелер жетишпейт деп айтсак болот. Ошолор жетиштүү болсо жакшы болмок. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин деңгээли мыкты болуш керек.

- Эми башка маселе боюнча суроо узатайын. Бейшембиде Бишкекте Шанхай уюмунун саммити өтөт. Анда азыр коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча бир катар иштер болуп жатканы айтылууда. А сиздердин министрликте бул окуяга карата күтүүсүз кырдаалдар үчүн даярдыктарды көрсөңүздөр керек?

- Бул Шанхай кызматташтыгы чоң маанидеги окуя. Кыргызстан биринчи жолу кабыл алып жаткандан кийин биз аны эң жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек. Бул боюнча медициналык даярдыктарга саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берет. Кудай сактасын дейли бирок сактыкта коркдук жок дегендей тез жардам машиналарын койдук. Бардык керек жабдууларды, дары-дармектерди толук бердик.

- Маегиңизге чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG