Парижден сапар улаган эски үлгүдөгү автоунаалар кербени Кыргызстандын аймагында Карабалта-Бишкек-Нарын-Торугарт багыты аркылуу жүрүп, 14-августта Нарынды көздөй сапар алды. Париж-Бээжин-Париж багыты боюнча эски автоунаалардын жүрүшү алты өлкөнү аралап, Кыргызстанга 13-августта келди.
Франциялык «Ситроен» үлгүсүндөгү эски автоунаалар кербени Кыргызстанга Чалдыбардагы чекара аркылуу өтүп, Карабалта-Бишкек багытында келип, “Аккеме” мейманканасында өргүштү. Жалпысынан бул жүрүштө европалык 129 айдоочу: ”Ситроен” үлгүсүндөгү отуз алты жеңил унаа, «Жип» үлгүсүндөгү он алты, жүк ташуучу төрт, бир тез жардам автоунаасы жана он мотоцикли Кыргыз жергесин аралап өтүп баратышат.
Өткөн жылы да Голландиядан башталып, Бээжинде аяктаган эски үлгүдөгү 100 автоунаа катышкан ралли Бишкек аркылуу өткөн. Бул жолку авторалли Кыргызстандын аймагында 15-августка чейин созулмакчы.