Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

15-АВГУСТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1916-жылдын бул күнү Кочкордо хан көтөрүлгөн Байзак кыргыздарды баштап, Нарындын чыгыш тарабындагы көпүрөгө келген. 1966-жылдын буk күнү Чынгыз Айтматовдун повести боюнча тартылган «Биринчи мугалим» фильми экранга чыгарылган.

1628-жылдын жай айы энесайлык кыргыздар менен сибирге жер которгон орустардын айыгышкан күрөшү менен өттү. Качы суусунун агымындагы Красный Ярга орустардын чеп кура башташы кыргыздардын катуу каршылыгын жараткан. Энесайлык кыргыздар качылык жана арындык кыштымдар менен биргелешип, Кызыл жардагы орустар баштаган чепке жай бою чабуул коюп турушкан. Ушул эле жылдын 16-августунда орустар атаман И. Кольцов баштаган аскер тобу кыргыздарга каршы аттанган. Орустардын жазалоочу отряды кыргыздарга кыргындуу чапкын жасап, көптөгөн адамдарды туткунга алып, арбын мал олжолоп кайтышкан.

Жетисуу областындагы Пржевальск уездинин полковниги Ивановдун көрсөтмөсүнө караганда ротмистр Кравченконун отряды Теплоключенка кыштагынан кеткен маалда, алар тарабынан артта калтырылган сарттар кыштакта жашаган орус дыйкандары тарабынан түгөл кырылган. Полковник белгилеген сарттар, Каркырадагы жарманкеге келген өзбектер болгон жана аларды ротмистр Кравченко көзөмөлгө алып, чакан аскер кайтаруусу менен артта калтырган.

Пржевальск шаарынын чек техниги Иван Поцелуевдин берген көрстмөсүнө караганда кыргыздардын шаарды камалоосу 1916-жылдын 11-августунан 15-августка чейин айыгышкан мүнөздө жүрдү. Бу күндөрү шаардын чет жакасында жашаган орус адамдарынын өмүрү өлүм же жашоо деп өлчөнүп турду деп жазат И. Поцелуев. Союл жана найза менен куралданышкан кыргыздар шаарды алыш үчүн албуутана чабуул жасашып, кагылыш төрт күн бою тынымсыз жүрүп турган.
Кочкордо хан көтөрүлгөн Байзак 1916-жылдын бу күнү кыргыздарды баштап, Нарындын чыгыш тарабындагы көпүрөгө келген. Алардын бир жарымы орус кыштагына ат коюп, калганы көпүрөгө келгенде, сакчы Казарманга кабар берүүгө жетишкен. Казармандан 300 чамалуу аскер келип, кыргыздар менен кагылыш башталган. Жамгырдай жааган ок астында кыргыздар Ак мойнокко чегинишкен.

Пржевальск шаарында негизделген «Призыв к труду» гезитинин биринчи саны 1920-жылдын 15-августунда жарык көрдү.

Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» фильми 1966-жылдын бул күнү экранга чыгарылган. Кино тасма айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тартылып, фильмдин башкы ролдоруна таланттуу актер Болот Бейшеналиев менен казак актрисасы Наталья Аринбасаровалар тартылышкан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2003-жылдын 15-августунда «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун 10 жылга эркинен ажыратуу туурасындагы Биринчи Май райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрүн күчүндө калтырды.

Феликс Кулов 2005-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткарууга киришти.

Бул күнү, 1248-жылы айтылуу Кельн соборунун курулушу башталып, 1771-жылы атактуу англис жазуучусу Вальтер Скотт, 1769-жылы Француз императору Наполеон Бонапорт, 1890-жылы америкалык физиолог, алкоголизм дартын биринчи изилдеген Элвин Еллинек, 1892-жылы француз физиги, Нобель сыйлыгынны лауреаты Луи Виктор Пьер Раймон де Бройль, 1896-жылы австро-америкалык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Гарти Тереза Кори, 1896-жылы төкмө акын Токтонаалы Шабданбаев, 1922-жылы атактуу кыргыз драматургу, прозачы Токтоболот Абдымомунов, 1951-жылы акын жана сынчы Абдыжапар Эгембердиевдер жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG