Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

СПАРТАКИАДА САБАКТАРЫ


Каракол шаарында Кыргызстандын 5-спартакиадалык оюндары 6- августтан 12- августка чейин өткөрүлдү. Андагы мелдештердин деңгээли, уюштуруу иштери тууралуу кайчы пикирлер айтылып, эстафетаны Ош шаары алды.

Караколдогу 5-спартакиада спорттун олимпиадалык 14-түрү боюнча өткөрүлдү. Мелдештерде Алатоонун 7 облусунун, Ош жана Бишкек шаарларынын командалары мөрөй талашты. Спартакиаданын таймаштарында 1 миң 600 спортчусу күч сынашты. Спартакиадалык оюндарды өткөрүүгө Караколдогу спорт имараттары толук даяр болбогонун, калыстардын деңгээли төмөндүгүн Талас облустук спорткомитеттин жетекчиси Шаршенбек Конгантиев сынга алды.

- Баткен жана Нарын обулустары командалык оюндарга толук курамы менен катышкан жок. Спорт имараттары да толук даяр болбогондуктан чеберчиликтин деңгээли да төмөн болду. Стадион, спорт жайлар толук ремонттон өтпөй, жатаканалар да жетишсиз болду. Көп каталыктар, кемчиликтер кетти.

Спартакиадалык оюндарда баш байгени бешинчи ирээт удаасы менен Бишкек шаары колдон чыгарган жок. Экинчи орун Ысыккөл облусунун командасына ыйгарылды. Чүйлүктөр байгелүү үчүнчү орунга ээ болушту.

Спартакиадалык оюндар айыл жергесиндеги спортун жандандырып, айылдык таланттардын, спортко шыктуулардын жолун ачса деген тилек аткарылбай калганын Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов белгиледи:

- Командалардын даярдыгы өтө төмөн болду. Уюштуруу иштери да чийки, чала. Спартакиаданы мындай деңгээлде болсо, өткөрүп кереги жок деген ой кетти. Облустардын жетекчилери элдин ден соолугун ойлоп, спортко болгон мамилесин өзгөртөт деп ойлогом, бирок андай болбоду.

Эми төрт жылдан кийин алтынчы cпартакиаданы өткөрүүнү Ош шаары моюнга алды. 2011- жылы өтө турган 6- спартакиадага азыртан даярдык көрөбуз дейт Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Замирбек Аскаров.

- Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен райондук, анан облустук этапта спартакиада уюштурулса, мыктыларды иргеп алууга мүмкүн болмок. Тилекке каршы, облустарда спортчулар унутулуп калып, ушундай мелдештер учурунда гана эске алынат. Себеби бир топ жылдан бери облусттарда мындай масштабдуу мелдештер өткөрүлгөн эмес. Караколдо спорт жайлары, залдары мындай масштабдуу мелдештерди өткөрүүгө чамасы жетпейт экен. Жатакана маселеси да кыйынга турду.Ошондуктан Ошто эртерээк даядык көрөбуз.

Караколдогу спартакиада Кыргызстанда спорттун деңгээлин таразалап, жетекчилердин спортко болгон мамилесин өзгөрттү дешет адистер. Биринчи жана экинчи спартакиаданы экс-президент Аскар Акаев өзү ачып, салтанат менен өтүп жүрсө, Караколдогу оюндарга өкмөт башчы да барган жок.

Спартакиада жөн гана көрсөтмөлүү оюндарга айланып, таасири төмөндөп баратканын, Бишкектин тандалма команданын мүчөлөрү менен таймашуу кыйынга тураарын спорт адистери өкүнүү менен белгилешти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG