Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

ОРУС ОРТОДОКС ЧИРКӨӨСҮНҮН БИРИГҮҮСҮНДӨ МАСЕЛЕЛЕР БАР


Нарын АЙЫП, Прага Мындан үч ай мурда Маскөөдө Орус ортодокс чиркөөсүнүн бириккени тууралуу келишимге кол коюлган, бирок азыр - диний чөйрөнүн ичинде дагы ага каршы чыккандар жана ал биригүүнү диний аракет эмес, таза саясат деп сынга алгандар да бар.

Октябрь революциясынан кийин большевиктердин саясатын колдобогон орус динаятчылары түштүктөгү Ставропол аймагына качкан, кийин Кызыл армия ал аймкатарды багындырганда, алар Түркия аркылуу Сербияга жер которгон жана акырында Америкада отурукташып, өз алдынча Орус чиркөөсү түзүлгөн.

1927-жылы болсо Маскөө патриархы Сергий коммунисттик бийликти колдоп чыккандан кийин эки чиркөө ортосунда ажырым пайда болгон жана совет мезгилинде алар бир-бирин тааныбай келген. Сергий кол койгон келишимди азыркы патриарх Алексий Экинчи мындан төрт жыл мурда жокко чыгарган, президент Владимир Путин болсо АКШга сапар менен барганда Нью-Йорк менен Чыгыш Америкадагы орус ортодокс чиркөөсүнүн жетекчиси митрополит Лавр менен жолугуп, эки чиркөөнүн биригишин суранган. 17 май күнү Мавр Маскөөгө келип, Алексий экөө чиркөөлөрдүн биригиши тууралуу келишимге салтанаттуу кол койду жана өз алдынча Орус чиркөөсү Маскөө патриархатынын карамагына өттү.

Анткен менен АКШдагы айрым орус чиркөөлөрү Нью-Йорк патриархатына баш ийбейт, андан тышкары Ыстамбулда дагы өз алдынча ортодокс патриархаты бар, ошондуктан чет мамлекеттерде аракеттенген кыркка жакын ортодокс уюму июлдун ортосунда атайын билдирүү менен чыгып, Маскөөдөгү биригүүнүн аларга тийешеси жок жана 2008-жылы алар Орусиядан тышкары жайгашкан ортодокс чиркөөлөрүнүн дүйнөлүк конгрессин өткөрөбүз деп жарыялады. Маскөөнүн бийлигин тааныбаган андай чет өлкөлүк динаятчылардын саны он бештен отуз пайызга чейин жетет.

Түндүк америкалык орус ортодоксторунун жетекчиси Виктор Добровдун айтымында, 1927-жылдагы патриарх Сергийдин коммунисттерге баш ийүү жөнүндөгү келишимин азыркы патриарх жөн гана жокко чыгарбастан, аны жалпы орусиялык диний жыйында талкуулаш керек болчу. Андан тышкары жаңы уюмдун колдоочулары - Орус чиркөөсүнүн Бүткүл дүйнөлүк чиркөөлөр кеңешине киргенин дагы жактырбайт. Жаңы түзүлүп жаткан уюмду жетектөөгө епископ Агафангел шайланды.

Орус чиркөөсүндө азыр улам жогору мааниге ээ болуп келаткан митрополит Кириллдин айтымында болсо, эки чиркөөнүн биригүүсү табигый иш болду: "Биз күткөндөй болуп чыкты, Орус ортодокс чиркөөсүнүн бир да бөлүгү эч качан өз дининен баш тартпай, өз турмушун, көз карашын өзгөртпөптүр. Ошондуктан биз чогуу отуруп, достук маанайда ажырым жөнүндө сүйлөшкөндө, бир пикирде болуп чыктык", - дейт Кирилл. Анын айтымында. биригүү аракеттери беш жылга жакын убакытты талап кылат.

Ал эми диний маселелер боюнча эксперт Яков Кротовдун пикиринде, май айында түзүлгөн келишимди таза диний келишим эмес, саясий аракет деп түшүнүү керек: "Бул биригүү көбүрөөк диний эмес аракетке окшош, чындап айтканда, бул биригүү - Улуу Орусияны, дүйнө жүзүндө жашаган бардык орустарды бириктирген эл аралык орус империясын түзүүгө багытталган аракеттердин бири", - дейт Кротов. Анын айтымында, бул аракетке Кремил кызуу киришкени эле бардыгын түшүндүрүп турат.
XS
SM
MD
LG