Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

СССР ТИРИЛЕ БАШТАДЫБЫ?


Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммитине арнаган макаласын эс алуудан кайтып келип кайрадан жарык көрө баштаган «Белый пароход» гезити «Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары биригип жатабы?» деп атап, чет өлкөлүк серепчилер Батышта кайрадан социализмдин карааны калкый баштаганын, эки уюлдуу дүйнөдө СССРдин ордун баса турган Евроазиялык жаңы союз пайда болгонун айтышканын маалымдап, ошол эле учурда эларалык эксперттер жолу болбогон өлкөлөрдүн бир жолойго биригип жатышынан чочулашууда деп жазды. Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн көбү Батыштын экономикасына башын батырып алууга жарай албагандардын жана жашоо-турмушу жакырлардын өлкөсүнөн турат. Көбү Бүткүлдүйнөлүк Соода Уюмуна кирелек, бирок деп жазат гезит, уюмдун ичиндеги кенедей Кыргызстандын алдында кенен жол турат, демек алды-артты абайлап туруп туура изге салу керек, зарыл болсо Жаңы Союздун географиялык борбору болуп алууга умтулган оң, ал эми калган иштерге ырасмий Бишкектин тиши оңой менен өтө бербейт деди.

Аналитиктердин айтымында Кытайды Кыргызстандын энерготармагы кызыктырары бышык. Кыргызстандын бул багытта жогото турган эчтекеси жок. 1-ден энергетикага туруктуу кардар пайда болот, 2-ден соода байланышы кеңейет, 3-дөн инвестициянын агымы күчөйт… Бирок аналитик Хандын оюнча келечекте Кытай Кыргызстанды бир гана чийки зат менен камсыз кылып туруучу өлкөгө айлантып салышы мүмкүн. Бул кокунучтуу. Ал эми «Феникс» анализ борборунун деректири Игорь Колычев ШКУ барыдан мурда саясый союз. Аны батыштын журналисттери менен анализчилери анча байкабай жатышкан өңдүү. Бул уюм Евросоюз менен НАТОнун, анын ичинен АКШнын кызыкчылыгына деги эле каршы түзүлгөн эмес, ал эми жаңкы «орус ойрону», «кытай кысымы» менен коркутуп аткандардын амалы эптеп эле курал-жарктардын жаңы түрлөрүн чыгаруу үчүн өзүлөрүнүн салык төлөөчүлөрүнөн көбүрөөк пайда өндүрүп алуу айласы дейт. Америкалык политолог Ариэь Коэндин, «бул уюмдун саны жок эле дегенде бешке жеткенде, артында ядролук союлу бар өлкө турганда АКШнын башына мүшкүл түшөт» деп айткан сөзүн келтирген «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити андан ары Орусия менен Кытай дагы, Индия менен Пакистан дагы ушундай «союлга» ээ экендигин, АКШнын башына мүшкүл эми атом бомбасын Иран жасап чыгаргандан кийин чындап түшөрүн, Ирандын катарына андан кийин Түндүк Корея кошуларын… дүйнөнүн андан аркы геосаясатын болжоп болуу мүмкүн эместигин… Шанхай Кызматташтык Уюму буга дейре жерден көккө көтөрүлүп учуу үчүн чуркап бараткан учакты элестетсе-эми анын канат кагып асман менен кайкый турган убагы келди деп жазды.

«МК-Кыргызстан» гезити социалдык өнүгүүнүн америкалык да, батыштык да үрөнү кыргыз кыртышында бүрдөй албай койду, өндүрүшү өчөйүп, экономикасы талкаланып, калган Кыргызстан бүгүн КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң арттагысы… Балким ШКУ деңизге чөгүп бараткан өлкө үчүн куткаруучу белкур болуп берер беле деп белгилеген гезит, Кыргызстандын бийлигинин алдында бир гана реалдуу мүмкүнчүлүк бийликти сактап калуу мүмкүнчүлүгү тургандыгын, кокус Ф.Куловдун жактоочуларынын авантюрасына ыңгай бере турган кенедей шарт түзүлө турган болсо, анда араң турган маскөөлүк саясыйтехнологдор менен пиармендер кыргыз фронтчуларынын «жалпы улутка тиешелүү ишин» дароо фарска айлантып жиберери турган иш, ошондо Кыргызстан даана башаламандыктын уюгунда калат, а бизге анын кереги барбы?-деп суроо койду.
XS
SM
MD
LG