Өлкөнүн түндүк-бытышында, Cирияга чектеш аймакта болгон бул жардыруудан мындан сырткары 200дөн ашуун адам жаракат алды. Жанкечтилер күрд уруусу жашаган бул аймакта миналанган жүк ташуучу унааны жардырып жиберген. Бул Ирактагы согуш башталган төрт жыл ичиндеги эң кандуу чабуулдардын бири болду. Мындан сырткары кечээ Багдаддын чет жакасында көпүрөдөгү жардыруудан дагы жок дегенде 10 адам мерт болгону кабарланды.