Бүгүн Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде Кыргызстан-Индия маалымат борбору ачылат. Ага Индиянын мунай жана жаратылыш газ министри менен Кыргызстандын билим берүү жана илим министри катышат. Борбордо №61 гимназиянын окуучулары билим алат деп маалымдалды. Окуу жайдын ачылышына өкмөттөн расмий адамдар жана Индиядан келген өкүлдөр катышат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. (ZMa)