Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

КЕРИМ ТУРАПОВ: КОНОКТОРГО САЛТАНАТТУУ КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАЙБЫЗ


16-августта Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Саммиттин маанилүү бөлүктөрүнүн бирин маданий программалар түзөт жана саммитке тиешелүү маданий окуялардын негизгилери Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтмөкчү. Бүгүнкү таңкы “Азаттыктын” түз маегинин коногу Кыргыз Улуттук филармониясынын директору, Кыргыз эл артисти Керим Турапов болду.

- Кыргызстанда бул саммитке даярдыктардын маанилүү бөлүктөрүнүн бирин улуттук филармонияны ремонтто иштери түздү окшойт. Ремонт иштери кандай бүттү?

- Оңдоо иштери негизинен башында пландаштырылган боюнча толугу менен жасалды. Андан сырткары планга кирбеген дагы бирт топ иштер бүттү. Бүгүнкү күндө концертке катышкан сырттан келген артисттердин алды келе башташты. Тагыраак айтканда, Кытайдан, Таджикистандан 30-40 кишиден турган топтор келе баштады. Ремонттун негизги максаты ушундай болчу. Аларга шарт түзүп берүү. Ошол шарттын негизинде бүгүнкү күндө иштеп жатышат алар.

- Филармонияда Шанхай уюмунун саммитти учурунда кандай иш-чаралар болот. Шанхай уюмунун мүчө мамлекеттеринин фестивалы өтсө керек.

- Фестиваль дегенге деле болбойт болуш керек. Бул салтка айланып калган ар бир мамлекетте Шанхайдын бөлүгүнө кирген бүтүндөй мамлекет башчыларынын жана ошол өлкөлөрдөн келген конокторго кечкисин салтанаттуу концерт бизде болот. Негизинен филармония маданий борбор болгондон кийин ар бир мамлекеттерден келген артисттердин, өнөрпоздордун өнөрлөрү жана биздин өзүбүздүн күч менен уюштурулган концерттик программа тартууланат. Негизинен 1,5 - 2 саатка чукул концертти даярдап жатабыз.

- Керим мырза, кайсыл белгилүү чыгармачыл топтор катышат ал концертке?

- Негизинен биздин өзүбүздүн тандалган концерт болот. Ал концертке өзүбүздөн чыккан деңгээли бийик артисттерибиз чыгышат. Бул Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң-чоң топтон турган Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин артисттери, оркестри, “Акмарал” бий ансамбли, опералык театрдын хорлору сыяктуу тандалган концерттер тартууланат. Сырттан келгендер деле жок. Андан сырткары ырчылардан дагы бир топ ырчылар классикалык блоктон бирден-бирден ырчыларыбыз, пианисттерибиз катышат. Бир сааттык концерт сырттан келген коноктордун 5-6 мүнөттөн турган номерлери бар. Алардын баарын чогултуп келгенде алардын концерти дагы бир саатка чукул убакытты талап кылат.

- Саммиттин шарапаты менен филармония да оңдолуп калды окшойт. Мындан ары кандай маданий иш чараларды өткөрөлү деп турасыздар?

- Негизинен биз айтып эле келе жатабыз, дурусураак болгон маданий борбор бул- Кыргыз Улуттук филармониясы. Менимче мындан ары мамлекеттик деңгээлдеги чоң-чоң жыйындар же болбосо салтанаттуу майрам өтүшү мүмкүн. Ал эми концерттик программалар болсо деңгээли бийик болгон тагыраак айтканда, академиялык концерттер же болбосо симфониялык сыяктуу концерттерди берген турабыз. Бирок, албетте эстрадалык жанрдагы деңгээли бийик болгон оркестр менен уюштурулган концерттерди дагы берип турабыз. Шоу концерттер азырынча бизде өткөрүлбөйт. Анткени, Кожомкул атындагы спорт сарайынын көлөмү бизден эки эсе чоң имарат болуп эсептелет. Андай шоу концерттерди ошол жакка өткөрүшөт. Азырынча Кыргыз Улуттук филармониясы илгерки тил менен айтканда Москвадагы “Гиоргиевский театр”, “Большой театр” сыяктуу деңгээли бийик маданий борборго айландырабыз деген максаттабыз.

- Маегиңизге чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG