МОСКВА. Орусиянын тартип коргоо органдары темир жолго жардыргыч орноткон эки кишини издеп жатышат. Ал экөөнү поезд кырсыкка учураар алдында жүргүнчүлөр көрүшкөн экен. Ал эми анын аралыгында, «Азаттыктын» Түндүк Кавказ редакциясына өзүн чечен козголоңчуларынын бир командири Риядус Салихин деп атаган адам телефон чалып, жардыруунун артында козголоңчулар турганын айтты. Анын бул сөзүн башка булактар тастыктай элек.