БАГДАД. Иракта террорчулардын жардырууларынан бери дегенде 200 киши курман болуп, дагы 200дөй киши жаракат алды. Жардыргычтардын катарында күйүүчү май куюлган танкер да аталууда. Божомолдорго караганда террорчулар Йедигиз деген диний азчылыктагы калкты мээлеп жасашкан. Теракттардын майда-чүйдөлөрү жөнүндө маалымдалбайт.