Кечээ Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев ооган президенти Хамид Карзай менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүү учурунда К. Бакиев Ооганстандагы кырдаалды калыбына келтирүүдө ооган өкмөтүн колдой тургандыгын айтты. “Кыргызстан эл аралык террорчулук менен күрөшүп келет. Биз Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүдө өз салымыбызды кошобуз”,-деди К. Бакиев. Хамид Карзай ШКУнун саммити үзүрлүү болот деген ишенимин билдирди. Ооган президенти ШКУнун саммитине ардактуу конок катары чакырылган. (ZMa)
9:07 К. Бакиев: Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүгө Кыргызстан дагы салымын кошот