Бүгүн эки өлкө башчысы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Президент Бакиев ШКУнун саммитине катышууга макулдук бергени үчүн түркмөн президентине ыраазычылык билдирди. “Бул сиздин Кыргызстанга жасаган алгачкы сапарыңыз. Биз саммиттин ишине катышып жатканыңызга өзгөчө маани беребиз”,-деди К. Бакиев. Өз кезегинде Г. Бердымухаммедов кыргыз жана түркмөн элин жалпы тарых жана маданият бириктирип турганын айтты. “Биз Кыргызстан менен бардык багытта кызматташууга даярбыз. Андыктан учурдан пайдаланып, сизди Түркмөнстанга чакырам. Бул сапар кыргыз-түркмөн мамилелерин чыңдоого негиз болот”,-деди түркмөн президенти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. (ZMa)