Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

ШКУнун БИШКЕК САММИТИНДЕ ИРАН УЮМГА МҮЧӨ БОЛО АЛБАЙТ


Бишкек саммитине келген сыйлуу меймандардын тизмеси- Шанхай кызматташуу уюмунун Азияда мааниси өсүп баратканын күбөлөйт. Жыйынга Түркмөнстандын жаңы президенти Бердимухаммедовдун жана БУУнун башкатчысынын орун басары Лин Пасконун катышуусу өзгөчө сөзгө татыйыт. Буга дейре Түркмөн жетекчилиги берегидей саясый жыйындарга барчу эмес. Батыштын талдоочулар Бишкектеги жыйындан эмнени күтүшүүдө?

Талдоочулар ШанКУнун Бишкек жыйынында маанилүү cаясый жаңылыктар болот деп күтүшүүдө. Профессор Стефен Блэнк- АКШнын Аскерий коллежинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти. Ал Бишкекте ШанКУну кеңейтүү маселеси талкууланат деген ойдо:

- Менин оюмча, алар жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга жана уюмдун жаңы барагын жазууга аракет кылышат. Алар Түркмөнстан кошулууну кааласа, уюмга кошуп алмак болууда деп ойлойм. Экинчиден, алар мурдакыдан бир кыйла антиамерикачыл жаңы бапты жазышы ыктымал. Индия, Иран, Пакистан, Монголия уюмга мүчө болоруна ишенбейм.

Орусиянын Тышкы иштер министринин 1- орун басары Андрей Денисов да “Время новостей” басылмасына берген интервьюда Түркмөнстан ШанКУга мүчө боло алмак деген. Денисов ошондой эле ШанКУну кеңейтпөө жөнүндөгү мораторий уюмга мүчө өлкөлөр арасындагы карым- катнашты бекемдөөгө байланыштуу экенине көүл бурган.

Профессор Блэнк непада Шанхай кызматташуу уюмуна Индия өтчү болсо, региондогу саясый балансты сактоо үчүн Пакистан да кабыл алыныш керек деп жоромол кылат. Бирок, ШанКУ ортолук өз ара коргоо келишимине кызыкдар Иран уюмга мүчө болуп алынаарына ишенбейт. Анын себебин америкалык талдоочу мындайча түшүндүрөт:

- Иран балким Америка же башка өлкө кол салып калса, өзүн коргоо үчүн (ШанКУнун) келишимине таянуу максатында уюмга өтүүгө аракеттенет. Америка Иранга чабуул койуусуна Россия өтө каршы болгону менен, ага кийлигишпей бейтарап болорун ачык айтты. Ошон үчүн Иранды уюмга кабыл алуу абдан маанилүү деңгээлде айрым кыйынчылыктарды жаратат.

Батыштык серепчилер ШанКУга мүчө беш өлкө арасында өз ара ишенбөөчүлүк бар экенине да көңүл бурушууда. Дункан Иннес- Кер Лондондо жайгашкан Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун Кытай боюнча эксперти. Ал уюмга мүчө өлкөлөр, айрыкча, Орусия менен Кытайдын саясатына шектенүү менен карашканын белгилейт:

- Шанхай кызматташуу уюму бүтүндөй бир регион катары өз ара жакшы кызматташканы менен уюмга мүчө өлкөлөр арасында өз ара терең ишеним жок. Кызматташуу уюмунун майда мүчөлөрү арасында Россиянын, айрыкча, Кытайдын максатына чоң ишенбөөчүлүк бар. Бул уюмга чоң жарака салууда.

XS
SM
MD
LG