Орусия, Кытай жана Борбор Азия башчылары дүйнө жүзүнө экономикалык жана аскердик күчүн көргөзүү үчүн чогулушту деп баштады бүгүнкү макаласын «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити. Көпчүлүк серепчилер андай деле өзгөчө окуянын болорун күтпөгөн өңдүү. Индия менен Пакистан качантан бери бул союзга киргиси келип жүрсө дагы, саммит бул ирет мүчөлүккө кабыл алуу маселесин карабайт. Бирок жыйын Батышка күтүүсүз нерселерди «сүйүнчү» кылышы мүмкүн. Маселен байкоочулар, өткөн жылы «энергетикалык клуб» түзүү демилгесин көтөргөн Путиндин биргелешкен долбоору бышып жетилгенин айтышууда. Мына ушунун өзү эле Батышты «орустун энергетикалык куралы» пайда болду деп дүрбөлөң салганга жетиштүү. Анын үстүнө ШКУнун Куралдуу Күчтөрү эртең Челябинскидеги полигондо жалгыз эле Батышка эмес бүтүндөй дүйнөгө өз булчуңун көрсөткөнү жатат деп жазды.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун дүбүртүнүн улам катуулай башташы Батыштын, айрыкча анын аскердик чөйрөсүн дүрбөлөңгө салары бышык. Болбосо, элестетип көрүңүзчү, АКШ аскердик машыгууларын Кара Деңизге келип өткөргөндөй эле Орусия менен Кытай ушундай эле машыгууну Мексика куймасына барып өткөрүп көрүшсүнчү, кандай гана алай-дүлөй түшүшөр экен. ШКУну Батышта Бушка каршы уюушулган уюм катары түшүндүрүп келатканынын төркүнү да ушундан. Анда эмне, НАТО деген балдардын эриккенде чогула калчу оюнклубу бекен? Югославия, Ооганстан менен Иракты бомбулап, түрмөдөгүлөрдү кыйнаган азап-тозогучу? Ага караганда ШКУ дүйнө деген бир гана уюлдук түзүлүштөн турбастыгын, Жер шарына жеке базарчылык кылууга болбостугун айтып жатпайбы… деп сөзалдын баштаган «Общественный рейтинг» гезити бул уюмдун келечегине арналган анализдик макаласын жарыялады. Ошол эле учурда нан кризиси күчөп келатат деп жазып, бийлик нандын кымбаттап кетүүсүн казактар унун кымбаттатып салгандыктан болуп жатат деп түшундүргөнү менен иш жүзүндө башка экенин, маселен негизги буудай өндүрүүчү болгон Чүй облус дыйкандарынын айтуусунда алардын буудай өндүрүүсүнө мамлекет тарбынан кызыкчылык да, колдоо да болбогондугун, Казакстан Кыргызстанга 4-5-класстагы буудайынын бир килограммын 12,6 сомго сатып жатканын, ошол эле убакта андан сапаттуу буудай өстүргөн өз дыйкандарынан аны 2 эсе арзан сатып алууну сунуштаарын айтып арызданшыканын сөз кылды.